Сыдыкова, Кален Султангазиевна

Википедия дан

Кален Султангазиевна Сыдыкова (1958-жылынын 25-январы, Жумгал районунун Чаек айылында туулган) - жазуучу, журналист.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
1983–1991-жж. Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиянын тарыхы институтунун Башкы редакциясында редактор, илимий, улук редактор,
1991–1994-жж. Кыргыз Мамлекеттик телерадио компания-сында башкы редактор, 1994–1995-жж. Эл аралык «Чар тарап» гезитинин башкы редактору,
1996–2006-жж. Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясында сектор башчы, Президенттин Иш башкармалыгында бөлүм башчы, Иш башкаруучунун кеңешчиси болуп иштеген.
2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Китеп палатасынын директорунун орунбасары болуп иштейт. Алгачкы «Бак тиктик» деген этюду 1972-жылы Жумгал райондук «Де-милге» гезитине чыккан. 500дөн ашык публицистикалык-аналитикалык макалалардын автору. Анын алгачкы «Кайрылуу» аттуу китеби 1988-жылы жарык көргөн. 1988-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү. 1991-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Бир нече илимий китептерди кыргызчага которгон. Айрым чыгармалары түрк, өзбек, казак ж.б. тилдерге которулган. Кален жөнүндө 250дөн ашык изилдөөлөр, мака-лалар, ага арналган ырлар, окурмандардын түрдүү пикирлери бар. Журна-листтер союзунун лауреаты. Журналисттик бир нече сыйлыктын ээси. Ко-омдук ишмер. Дүйнөдөгү даңктуу аялдар клубунун Чиллер сыйлыгынын ээси. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2001-жылы «Кыргыз Республикасына 10 жыл эстелик белгиси», 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин «Маданияттын мыкты кыз-маткери», 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» төш бел-гилери менен сыйланган. 2005-жылы 17-августта Президенттин Жарлыгы менен «Кыргыз Рес-публикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам берилген. К.Сыдыкованын чыгармачылыгы тууралуу 1994-жылы «Публицист Ка-лен», 2006-жылы «Кален», 2008-жылы «Атажуртум ардагым» аттуу даректүү фильмдер тартылган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

  • Кайрылуу: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1988. – 40 б.
  • Насыя нике: Аңгемелер. – Б.:Кыргызстан,1995. – 79 б.
  • Түпкүрдөгү монстр: Даректүү баян. – Б.: Кыргызстан, 1995. – 112 б.
  • Доор кайрыгы: Публицистикалык ой толгоолор. – Б.: Кыргызстан, 1996. – 214 б.
  • И.С.Болжурова: Библиография, – Б.: БГУ басмаканасы, 2001.
  • Эр издөө: Аңгемелер. – Б.: Бийиктик, 2002. – 131 б.
  • Асылдар: Адабий портрет. – Б.: Бийиктик, 2002. – 180 б.
  • Күч күйөө. – Б.: Бийиктик, 2003. – 147 б.
  • Кыргыз тарыхы: Тарых. – Б.: Бийиктик, 2003. – 800 б.
  • Алтын казык: Тарых. – Б.: Кыргызполиграфкомбинаты, 2003. – 207 б.
  • Чачылган кыргыздар: Тарыхнаама. – Б.: Бийиктик, 2005. – 847 б.
  • Токол: Илимий-публицистика. – Б.: Бийиктик, 2005. – 334 б.
  • Кыргыз тарыхы: 3-бас.: – Б.: Бийиктик, 2007. – 800 б.
  • Ата журтум ардагым: Эссе. – Б.: Бийиктик. 2008. 780 б.

Драмасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бир окуя: Пьеса. Кыргыз Маданият министрлигинин райондук театрында коюлган. 1988.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары, 1-том