Сыйкырчылык

Википедия дан

Сыйкырчылык (Магия) – байыркы адамдардын мифтик түшүнүгүндө жан-жаныбарлар, башка буюмдар киши сыяктуу сүйлөй алат, ой жүгүртө алат деген анимисттик ой жүгүртүү; ошол адамдай эс-акылга, жүрүш-турушка ээ болгон көрүнүштөргө, нерселерге кандайдыр бир дубалардын жардамы менен таасир этип, аларды багындыруу аракети.

Мисалы , “Манас” эпосунда Алмамбеттин күндү жайлап жайдын күнү кыш түшүрүшү, жомоктордогу баатырлардын же башка кара күчтөрдүн жанынын бөтөн нерседе болушу, аны таап алып, өзүнө багындыруу, албарстынын чачын кыркып алып, каалаганын аткартуу жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004