Сүттү-Булак археологиялык эстеликтери

Википедия дан

Сүттү-Булак археологиялык эстеликтери – б.з.ч. 1-миң жылдык, б.з. 6–10-кылымдарына таандык көрүстөндөр, аска бетиндеги жазуулар. Кочкор районундагы Кочкор, Сарыбулак айылдарынын ортосундагы капчыгайда, Жоонарык суусунун оң тарабындагы секиде жайгашкан. Эстелик 1990-ж. археолог К. Табалдиев тарабынан белгиленип, 1995–96-ж. КУУнун жана Германия Археологиялык институтунун археологдору казуу иштерин жүргүзүшкөн. Көрүстөндөр тоо этегиндеги үстү түз секилерде жана Жоонарык суусуна куймасы Сүттүүбулак суусунун боюнда жайгашкан. Секинин үстү айдоо аянтына айландырылганда түрк элдерине (6–10-к.) таандык көрүстөндөр жана маркумду эскерүү үчүн орнотулган коргончолор жок болгон. Көпчүлүк көрүстөндөр байыркы мезгилде эле уурдалган. Ошого карабастан, көркөм өнөр, искусство, тиричилик, согуш өнөрүн чагылдырган табылгалар арбын.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.