Сөөл

Wikipedia дан

Сөөл — теринин вирустуу оорусу.

Сөөл тууралуу[оңдоо]

Көбүнчө балдар жана жаш кишилер ооруйт. Сөөлдү ар кандай вирус козгойт. Ал оорулуу менен жолукканда, буюмдар аркылуу жугушу мүмкүн. Анын пайда болушуна теринин дүүлүгүшү, жараланышы, тердеши шарт түзөт. Жашыруун мезгили 2—5 ай. Кадимки сөөл адатта саргыч түстө болуп, учунда калың бүдүрчөлөрү болот.
Ал акырындык менен гүлдүү капуста сымалданып өсүп, колго, салааларга, бетке, дененин башка жерлерийе чыгат. Кээде таманда да пайда болушу мүмкүн.

Колдогу кадимки сөөл.

Жалпак сөөл туура эмес формада болуп, манжалардын сыртына жайгашат. Ал өспүрүмдөрдүн чекесине, оозунун тегерегине, колуна чыгат. Айрым учурда бир аз кычышат. Карыган кишилерде сөөл боз, күрөң же кара түстө болуп, бетке, моюнга, денеге чыгат. Көпчүлүк адамдар сөөлдү өз алдынча дарылашат. Бул туура эмес. Сөзсүз врач-дерматологго же косметологго кайрылуу керек. Дарылоодо хирургиялык жол, электр коагуляциясы жана дары-дармектер колдонулат.

Алдын алуу[оңдоо]

Сөөлдү алдын алууда өздүк гигиена эрежелерин сактап, бут-колду таза алып жүрүү керек. Чоочун адамдын бут кийимин, байпагын, кол кабын, тырмак же сакал-мурут алуучу аспаптарын, сүлгүсүн жана башкалар буюмдарын пайдаланууга болбойт. Бут кийимди туура тандап кийген оң. Айрылып, сыйрылган, тытылган жерди марганцовканын (мала түстө) же тамакка кошуучу сода эритмесине салып, жылуу ванна алып, андан соң йод же бриллиант көгүн сүйкөө сунуш кылынат.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8