Табалдиев, Асанбек

Википедия дан
Асанбек Табалдиев
Файл:Философ Асанбек Табалдиев.jpg
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Асанбек Табалдиев
Туулган жылы: 1935-жыл 27-бештин айы
Туулган жери: Жерге-Тал айылы, Нарын району, Нарын облусу
Өлкө: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Соңку иштеген жери: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы
Ишмердүүлүгү: окумуштуу, философ, социолог, публицист
Альма-матер: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, 1957-жыл
Илимий тармагы: философия, социология
Мурда аткарган кызматтары:
  • Кыргыз Мамлекеттик Университетинин кафедра башчысы
Наамы. Сыйлыктары: Кыргызстандын УИАсынын кабарчы-мүчөсү. 1974.

Асанбек Табалдиев (1935-1975) - кыргыз элинин чыгаан философ окумуштуусу жана коомдук ишмери.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асанбек Табалдиев 1935-жылы Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы (мурдагы Тянь-Шань районундагы) Жерге-Тал кыштагында туулган.

1957-жылы Бишкектеги Кыргыз Улуттук Университетин (ал кездеги Кыргыз Мамлекеттик Университетин) аяктаган.

Аталган университетте аспирантураны бүтүргөн.

КУУда окутуучу, кафедра башчы болуп иштеген.

1971-жылы философия илимдери боюнча доктордук ишин жактаган.

1974-жылы Кыргыз ССР ИАсынын мүчө-кабарчысы болуп шайланган.

Өмүрүнүн соңку жылдары Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясынын Баш редакторунун орун басары, Баш редактору болуп иштеген. улуу философ

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артында жубайы жана уулу, эки кызы калды. Уулу Жайлобек философия окумуштуу, бир кызы Гүлнара географ окумуштуу, экинчи кызы Жылдыз социология окумуштуу. география илимдеринин доктору, профессор Темирбек Чодураевдин Гульнаранын жубайы. Неберелери жана чөбөрөлөрү бар.

Философ катары салымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А.Табалдиев совет доорундагы Кыргызстандагы философия илиминин бараандуу өкүлү болгон.

Ал СССРдеги улуттук мамилелерди социологиялык жактан иликтөө боюнча адис, чыгаан кыргыз философу жана агартуучусу катары кеңири маалым.

Өз мезгилинин чыгаан философу Асанбек Табалдиевдин калтырып кеткен мурастары кыргыз социалдык профессионалдык философиясынын теориялык жана практикалык казынасын өзгөчө байыткан.

Ал 9 китеп, 100дөн ашуун илимий эмгек, жүздөгөн ар кыл макалалар жазган.

Анын илимий жетекчилиги астында 8 кандидаттык диссертация корголгон.

Асанбек Табалдиевдин аспиранттары, окуучулары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Артыкбаев М.Т. — философия, политология илимдеринин доктору, профессор;
  • Нурова С.С. — социология илиминин доктору, профессор;
  • Асанова Ү.А. — философия илиминин доктору, профессор;
  • Бектурганов К.Б. — социология илиминин доктору, профессор;
  • Иваков А.Н. — философия илиминин кандидаты, профессор;
  • Иманканов К.И. — философия илимин кандидаты, доцент;
  • Шакитов Ш.Ш. — философия илиминин кандидаты, доцент;
  • Эсенгелдиев Т.Э. — журналист, философия илиминин кандидаты, профессор.

Кыргыз энциклопедиясына салымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А.Табалдиев Кыргыз Совет Энциклопедиясын түптөө ишин жетектеген, анын алгачкы Башкы редактору болгон.

Атуулдук ой-мурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А.Табалдиев айтылуу Чолпонбай Түлөбердиевдин орус жоокери Александр Матросовдон мурда фашисттик дзотко боюн уруп, каармандык кылганын, демек, ал Матросовдун эрдигин кайталабастан, тескерисинче, А.Матросов анын эрдигин кайталаганын даректүү материал менен далилдеген.

Ал философия илиминин доктору окумуштуу даражасын алуу үчүн «Советтик коомдогу улуттардын жана улуттук мамилелердин өнүгүүсүндөгү эки тенденциянын диалектикасы» (1971) деген темада жазган диссертациясында В.И. Ленин ачкан улуттардын жана улуттук мамилелердин өнүгүүсүнүн эки тенденциясы жөнүндөгү законду уланткан А.Табалдиевдин негизги илимий багыты экен. Анын окуусу боюнча граждандык коомдо улуттар өз алдынча объективдүү табигый түрдө өнүгүшөт, өрчүп гүлдөшөт, өз ара жакындашат, биригишет жана бара-бара келечекте бири-бирине кошулушуп «куюлушуп» кетишет.

Бул түпкүлүктүү теориянын алкагында кыргыз улутунун, кыргыз элинин жашоо-турмушу да кеңири изилдөөгө алынган эле. «Лениндик улут теориясы жана азыркы учур» (1971), «Доорубуздун достугу» (1974), «Улутум бар, уруум жок» (1970), «Дагы бир жолу Андрейчиктин улуту жөнүндө» (1973) жана башка көп эмгектеринде улут илими, улут маселеси, улут саясаты, улут мамилелери кеңири изилденип, айкын түшүнүктөр иштелип чыгып, практикалык маанилүү сунуштар берилген.

Улуу ойчул өзүнүн сезгич, көрөгөч, билгич, баамчыл жөндөмдүүлүгүн «Гомер жана Гомерлер» (1970) деген изилдөөсүндө да ырастаган.

Ал «Манас» эпосунун алп айтуучулары Сагынбай менен Саякбайды М. Ауэзов менен А. Осмоновдун Гомерлер деп атоолоруна чоң маани берип, Гомерчиликти биринчи жолу терең илимий талдоого алып, Сагынбай менен Саякбай 20-кылымдын чыныгы гениалдуу Гомерлери болот деп ишенимдүү далилдеп аныктаган.

«Салт жөнүндө ой» (1965), «Жаңы адам жана бош убакыт» (1962), «Айыл маданияты жөнүндө сөз» (1966), «Сүйүүдөн турмуш жаралат» (1970) жана башка илимий, публицистикалык чыгармаларында жарандык коомдун, турмуштун өзгөрүп өнүгүүсүндөгү жаңылыктарга, кубулуштарга, терс көрүнүштөргө токтолуп, анын ичинде эскирип бараткан каада-салттардан, ырым-жырымдардан да арылып, жаңыланууга элибизди чакырган үгүттөр, оригиналдуу өтүнүчтөр, сунуштар менен кайрылат: айыл-кыштак маданиятын көтөрүү, анын ичинде үйлөрдү жасалгалоо, салттарды жашоого жарашыктуу өзгөртүү, тойлорду ылайыктуу өткөрүү, тарыхый көрүнүктүү күндөрдү белгилөө, улгайган адамды эсалууга узатуу ж.б. лар менен бирге үй-бүлө темасына да көп көңүл бөлөт.

Алсак, үйлөнүү салтында кездешкен кыз ала качуу, калың берүү, кыз жигиттин таанышуусундагы теңсиздик сыяктуу терс көрүнүштөрдү кандайча жоюу маселелери көтөрүлөт. Ал эми кыздардын жигиттерден мурда сүйүүсүн билдирүүсү, баш кошкон жубайлардын жаштарынын айырмачылыктары, коомдук жана үй турмушундагы ролдору, ичи тарлык, үй ээси тууралуу козголгон ой жүгүртүүлөр да эң маанилүү.

А.Табалдиев: «Үй ээси ким?» деп суроо коёт да, ага «Үй ээси-сүйүү!» деп жооп берет, себеби «эки жарды тең сүйүү башкарат». Бул тарбиялык-нравалык корутунду-жаш жубайлар жана жалпы эле жубайлар үчүн бекем туткан сабак, нуска.

Эс-тутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Философ Асанбек Табалдиевдин ысымы ал туулуп-өскөн айылдагы орто мектепке жана көчөгө ыйгарылган.

Асанбек Табалдиев атындагы сыйлык 1990-жылдары бир катар интеллектуалдарга (жазуучуларга жана арыхчыларга) ыйгарылган. Алардын арасында жазуучу Кеңеш Жусупов, тарыхчы Юлий Худяков жана башкалар бар.

Анын өмүр жолу тууралуу жазуучу Кеңеш Жусупов жана башка калемгерлер иликтөөлөрүн жүргүзгөн.

Чыгармаларынын чакан тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жаңы адам жана бош убакыт. - Фрунзе: Кыргызстан, 1962.
  • Баатырлар сымбаты. - Фрунзе: Мектеп, 1965.
  • Айыл маданияты жөнңндө сөз. - Фрунзе: Кыргызстан, 1966.
  • Сүйүүдөн турмуш жаралат. - Фрунзе: Кыргызстан, 1970.
  • Октябрга эстелик (автордошуп). - Фрунзе: Кыргызстан, 1979.

Наамдары. Даражалары. Сыйлыктары.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын УИАсынын кабарчы-мүчөсү. 1974.
Жерге-Тал айылындагы орто мектепке А..Табалдиевдин ысымы берилген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанов Үсөн. "Нарын облусуна 70 жыл". Энциклопедия. - Бишкек, 2009.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. - Фрунзе: КСЭнин Башкы редакциясы, 1977-1980. - 1-6-томдор.
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]