Табият таануу

Википедия дан

Табият таануу- – жаратылышта жандуу жана жансыздар, оошондой эле алардын байланышы жөнүндө баштапкы маалымат берүүчү окуу предмети. Бул предмет боюнча өткөрүлгөн сабактарда, практикалык иштерде окуучулар, өсүмдүк, жаныбарларды багуу, өздүк гигиена боюнча практикалык ыкмашыгуу элементтерине да ээ болушат.
Табият таануу предмети көпчүлүк мамлекеттерде ХХ кылымдын башталышында мектептерге киргизилген. Прогрессивдүү педагогдор табият таануу предметинин окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүнө жана сүйлөй алуу жөндөмдүгүн өнүгүшүнө өзгөчө ролун белгилешкен. Ошону менен бирге айыл чарбачылыкты алып баруудагы элементардык билим берилген. Мына ушундай пикирди К. Д. Ушинский негиздеген. Андан кийин көрүнүктүү методисттер М. Н. Скаткин (1956), А. А. Перроте (1963), С. А. Павлович (1965), Г. Е. Ковалева (1970), Н. А. Рыков (1980) тарабынан негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004.