Табу Хэцзу, элчи

Википедия дан

Табу Хэцзу, Тапу Алп Сол – Эне-Сайдагы кыргыз каганынын 9-кылымдын ортосундагы элчиси.

Кыскача таржымакал[түзөтүү | булагын түзөтүү]

842-ж. кытайдын Тан сулалесинин императоруна жиберген элчиси, кыргыз кол башчыларынын бири Алп Сол, Табу Хэцзу, Тапу.

840-ж. кыргыз каганынын Уйгур мамлекетине жасаган чоң казатында анын колунун сол канатын жетектеген жана Улуу Кыргыз дөөлөтүн негиздөөгө зор салым кошкон.

843-ж. март айында Кытайдын Тан династиясынын императоруна элчи катары барган.

Кытай жыл баяндарында: «841-ж. такка олтурган император Вуцзун алыскы кыргыз каганынан келген элчиге абдан ыраазы болуп, Бо-Хайдан келген элчиден жогору, төргө олтургузду» – деп баяндалат.

Кыргыз каганынын аскер башчысы, ишенимдүү элчи Кытайдан жеңилген уйгурлардын тагдыры жөнүндөгү саясий иштерден сырткары, соода-экономикалык карым-катнашты кайра жандандыруу үчүн барган.

Буга жооп катары кытай императору өзүнүн элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн.

Орто кылымдардагы Эне-Сай Кыргыз каганаты Кытай, Тибет мамлекеттери, Түрк, Карлук, Түргөш каганаттары жана башка мамлекеттер менен дипломатиялык жана соода-чарбалык алакаларды жүргүзүп турган.


Ысымынын чечмелениши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын кытай иероглифтери менен “Табу-Хецзу” түрүндө берилген ысымын “Тапу Алп Сол” деп окуу керек деген сунушту кыргызстандык чыгыш таануучу, синолог Галина Павловна Супруненко айткан.


Адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]