Тайлар

Википедия дан
Тайлар.

ТайларТайланддын негизги калкы. АКШ, Лаос, Австралия, Кытай, Малайзия, Сингапур, Япония, Мьянма, Камбоджа, Улуу Вритания, Германия, Гонконг, Шведия, Сауд Аравиясы, Жаңы Зеландия, Норвегия, Филиппин, Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн, Катар, Финляндия, Ливия, Россияда да жашашат. Жалпы саны 90 млн киши, анын ичинде Тайландца 64,2 млн (2012). Тай тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – буддизм. Тайлар сиамдыктар же кхонтайлар деп да аталат. Тайларга лаолор, чжуандар, шандар, буилер, дундар, тхолор (таи) кирет. Тайлар биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта Кытайдагы Юньнань бөксө тоолорун мекендеген тай урууларынын укум-тукумдары. Тайлар дыйканчылык (негизинен күрүч, чай), бакчачылык, мал чарбачылык, балык уулоочулук жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишет. Салттуу кийимдери – эркектери оронмо ыштан, көйнөк, аялдары оронмо юбка жана кофта, башына пальма жалбырагынан жасалган калпак кийишет. Аялдары жазы шарф колдонушат. Тамак-ашы негизинен күрүч, балык, жашылча жана жер-жемиштер. Майрам күндөрү гана эт (took, өрдөк, чочко) жешет. Сүт ичишпейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]