Тайлор Эдуард Бернетт

Википедия дан

Эдуард Бернетт Тайлор Edward Burnett Tylor Edward Burnett Tylor.jpg Дата рождения:

2 октября 1832 Место рождения:

Кэмбервилл, Лондон, Англия Дата смерти:

2 января 1917 (84 года) Страна:

Flag of England.svg Англия Научная сфера:

Антропология Место работы:

Оксфордский университет Известен как:

один из основателей этнографии и антропологии

Тайлор Эдуард Бернетт (1832–1917) – антрополог англиялык алгачкы эволюционизмдин лидери. Тайлорду көбүнчө биринчи профессионал антрополог деп эсептешет. Ал атайын адистик билим алган эмес, өз алдынча эле байыркы тилдерди, тарыхый жана этнографиялык адабияттарды окуп изилдеген. 1861–1881-жылдарда бир катар эмгектерин басып чыгарган, анын ичинен 1871-жылы чыгарган «адепки маданият» аталган монографиясы аны дүйнөгө таанытат. Эволюционизм теориясынын негизин түзгөн базалык идеяларды айткан. Ал боюнча адам маданиятынын тарыхы жаратылыш эволюциясынын ажырагыс бөлүгүн түзөт. Ошондуктан, адамзатты аныктоочу өнүгүүлөр, өзгөчө биологиялык өнүгүү, жаратылыш мыйзамдары менен көп окшош. Бардык маданий кубулуштар, анын ичинде материалдык объекттер, салттар, дин ишенимдери жаныбарлар, өсүмдүктөр сыяктуу эле түрлөр, феномендер. Маданият жөнөкөй түрдөн татаал түр болуп өнүгөт.

Бардык коомдор да өздөрүнүн тарыхында иреттүү үч стадияны: - жапайылыкты,

-варварчылык-(Орой жана жапайы мүнөздүүлүк),

-цивилизацияны басып өтөт. Адамзат бирдиктүү биологиялык түрдү элестетет дейт, маданияттын түрдүү баалуулуктарын да ар түрдүү элдер эволюциялык процесс боюнча өздөрү менен кошо түзгөн болуш керек. Маданияттын элементтери элдерин өз ара байланыштары жана өздөштүрүшүүлөрү аркылуу таркалган. Тайлордун илимий мурасында диндин келип чыгуусу жана өнүгүүсү өзгөчө орун ээлейт. Ал боюнча дин адамдардын ой сезиминин эволюциясы менен кошо келип чыккан жана өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004