Талгар Жакшылыков

Википедия дан

Жакшылыков Талгарбек Каримович (23. 10. 1964-ж.‚ Казак ССРи, Алматы облусу, Балкаш району, Куйган кыштагы - 14.03.2024-ж.,Бишкек ш.[1]) – советтик жана кыргыз опера ырчысы (бас)‚ КРдин эл артисти (2003).

1984–86-ж. Караколдогу Ы. Туманов атындагы музыкалык окуу жайында окуган.

1987–93-ж. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хорунда ырдаган.

1991-жылы Орто Азия жана Казакстан аймактык кароо-сынагында «Үмүт» сыйлыгына татыган.

1993-жана башка Бейшеналиева атындагы КМИИни бүтүргөндөн 2001-ж. чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисти, 2001-жылдан Казакстандын Астана шаарындагы опера жана балет театрында эмгектенет.

1998–2000-ж. Италиянын Кальи шаарындагы Мар­во Дель Монако академиясында сабак алган. Кыргыз улуттук опера жана балет театрында аткарган ролдору: король Рене (П. Чайковский‚ «Иоланта»)‚ Тегирменчи (А. Даргомыжский‚ «Cуу периси»)‚ Кончак (А. Бородин‚ «Князь Игорь»)‚ Мефистофель (Ш. Гуно‚ «Фауст»)‚ Тейитбек (Н. Давлесов‚ «Курманбек»)‚ Коңурбай (В. Власов‚ А. Малдыбаев‚ В. Фере‚ «Манас») жана башка Дүйнөлүк жана жергиликтүү композиторлордун ырларын‚ романстарын чебер аткарат. Көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.

1998-жылдан тарта Кыргыз улуттук консерваториясында иштей баштаган. Жеке ырчылык кафедрасынын улук окутуучусу, доценти болгон.

2003-жылы Кыргыз эл артисти ардак наамы ыйгарылган. 2006-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы сыйлыгы берилген.

Талгар Жакшылыков чет элдик, орус жана кыргыз композиторлорунун операларында 40тан ашык ролду ырдаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

  1. https://www.azattyk.org/a/32861111.html