Тамак-ашты ыштоо

Wikipedia дан
Ышталган шпик

Тамак-ашты ыштоо — консервалоонун бир түрү; кургатуу, туздоо, бышыруу (же чийки) жана ыштоо (түтүн менен бактерияны өлтүрүү) ыкмаларын айкалыштырып даярдайт.

Мааниси[оңдоо]

Ышталган эт азыктарынын, ошондой эле балыктын өзгөчө жагымдуу жыты, даамы, өңү болуп, көпкө бузулбай сакталат. Ыштала турган азык эскирбеген, сапаттуу болушу керек. Аны адегенде туздап алып, анан ыштайт, чийки ышталуучу азык өткүр туздалат. Туз азыкты бузулуудан сактайт. Ыштоо мөөнөтү азыктын түрүнө жана түтүндүн температурасына жараша болот.

Бөлүнүүсү[оңдоо]

Ысытып ыштоо жана муздак ыштоо болуп бөлүнөт.

Ысытып ыштоо[оңдоо]

Ысытып ыштоо 80°тан 140°ка чейинки температурада жүргүзүлүп бир нече саатта даяр болот. Ысытып ышталган азык тез бузулгандыктан муздаткычта сакталат.

Муздак ыштоо[оңдоо]

Муздак ыштоо + 25°тан +40ока чейинки температурада жүргүзүлөт, мында азык кургатылып, туз жана түтүндүн таасири менен гана консерваланат. Ыштоо технологиясынын татаалдыгына байланыштуу үй шартында ыштоо опурталдуу. Чала ышталган азыктардан уулануу, анын ичинде ботулизм көп учурайт (Тамак-аштан уулануу).

Таасири[оңдоо]

Ышталган азыктар өтө калориялуу, тузу өткүр болгондуктан, айрым ооруларга, айрыкча тамак сиңирүү органдары, зат алмашуу бузулганда жакпайт. Ошондуктан көп ооруларда аны жегенге болбойт.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8