Тамга (айыл)

Тамга, Жети-Өгүз району‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Тамга
Өлкө Кыргызстан
Облус Ысык-Көл облусу
Район Жети-Өгүз району
Координаттар 42°09′02″ с. ш. 77°32′53″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 3 120 адам (2010)
Сандык идентификаторлор
Тамга (айыл) (Кыргызстан)

Тамга, Жети-Өгүз районуЫсык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы кыштак. Тамга айыл аймагына караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүгүндө, Тескей Ала-Тоонун этегиндеги жантайыңкы түздүктө, Тамга суусунун он өйүзүндө, Бишкек – Каракол автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1687 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 39 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 148 км. Калкы 3120 (2010); негизинен мал асырап, тоют даярдайт. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, оорукана, дарыкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары жана «Тамга» санаторийи иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры И. Илипбаев туулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]