Тамеки чегүү

Wikipedia дан
Тамеки

Тамеки чегүү — өтө кеңири тараган зыяндуу адаттардын бири.

Калыптануу мезгили[оңдоо]

Көбүнчө өспүрүмдөрдө чоңдорду тууроодон калыптанат. Тамеки чегүүнүн адатка айланып кетишине андагы негизги таасир этүүчү зат — никотиндин бир аз дүүлүктүрүүчү касиетке ээ болгондугу да түрткү берет. Мунун негизинде тамеки чегүүнүн сергитүүчү таасири бар, интеллектуалдуу активдүүлүктү стимулдаштырат деген ой пайда болот. Бирок мындай физиологиялык эмес стимулдоо акырында адамдын нерв системасын бошоңдотот.

Тамеки никотини таасир берүүчү органдардын схемалык көрсөтүлүшү.

Таасири[оңдоо]

Стимулдаштыруу натыйжасына жетүү үчүн ден соолукка зыяндуулугуна карабастан тамекини көп чегүүгө туура келет. Психикалык күчтү талап кылуучу кырдаалда тамеки чеккендер үзгүлтүксүз чегет, натыйжада көп учурда никотинге катуу ууланышы мүмкүн (башы ооруп, оозу кургайт, уйкусу бузулат жана башкалар). Тамекини узак убакыт чегүүдөн никотинге көнүп алат, абалы начарлап, тамеки чекпей калса же аз чексе кыйналат. Никотин жана тамекинин күйүү продуктулары ден соолукка өтө зыян болгондуктан тамеки чегүүдөн баш тартуу зарыл. Тамеки чегүүнүн баштапкы стадиясында эле дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системасынын функциясынын бузулушуна, органдар жана ткандардын кычкылтек менен камсыз болуусунун начарлашына (тамекинин түтүнү артерия канын кычкылтек менен камсыз кылуучу гемоглобинге терс таасир этет) байланыштуу бузулуулар болот. Тамеки чеккендер инфекциялык ооруларга тез кабылып (мисалы, алар тамеки тартпагандарга караганда сасык тумоо менен 4 эсе көп оорушат), жаратылыш жана өндүрүштүк жагымсыз факторлорго чыдамсыз келет. Тамеки чегүү жүрөк-кан тамыр системасынын, дем алуу жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынын, коркунучтуу шишиктин пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Айрыкча оорулуу адамдар үчүн тамеки чегүү коркунучтуу. Тамеки чекпегендерге караганда тамеки чеккендерде өлүм өпкө эмфиземасынан 25 эсе, өнөкөт бронхиттен 21 эсе, жүрөктүн ишемиялык оорусунан 3—5 эсе көп болот. Ичеги-карынында жара бар оорулуулардын абалын абдан начарлатат. Тамеки чегүүдөн баш тартуу — миокарддын инфарктын, облитерациялоочу эндартериитти жана башкалар айрым ооруларды дарылоонун бирден бир шарты. Кош бойлуу мезгилде тамеки чегүү түйүлдүктүн өсүшүнө тескери таасир тийгизет. Тамеки чегүү өзүнө гана эмес, аны менен бирге болуп, тамекинин түтүнү менен дем алгандар үчүн да зыяндуу. Айрыкча тамеки чегилген үйдө балдардын болушу коркунучтуу, ошондуктан жалпы бөлмөдө тамеки чекпөө керек, үйдү тез-тез желдетип туруу зарыл.

Тамеки таштоого чаралар[оңдоо]

Тамеки чегүү адамдардын ден соолугуна чоң зыян келтиргендиктен, көп өлкөдө тамеки чегүүгө каршы күрөшүү боюнча атайын чаралар (тамекини рекламалоого, коомдук жайларда чегүүгө жана башкалар тыюу салуу) көрүлүүдө. Ар бир эрки күчтүү адам тамеки чегүүнү таштай алат. Аны дароо таштоо керек, тамекини аз-аздан чегип, акырындык менен таштоого аракет кылуу максатка жеткирбейт, мындай чектөөдөн чегүүгө кумарлануу күчөйт (дароо таштаганда 3—5 күн гана кыйналышы мүмкүн). Тамекини таштоону жеңилдетүүчү медикаменттик каражаттар да бар. Аны пайдаланууну врач менен кеңешүү зарыл. Көп учурда Тамеки чегүүнү таштаганда аппетит жакшырып, адам семирип кетиши мүмкүн. Бирок, демейде ал тез эле кайра калыбына келет. Тамекини таштагандан кийин толуп кетпөө үчүн сүт-өсүмдүк диетасына жана акырындык менен күч эмгегине өтүү керек.


Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8