Тарбия

Википедия дан

Тарбия – 1) коомдун эң зарыл функциясы, анын түбөлүк категориясы катары каралат. Тарбия – жаш муундарда коомдук, өндүрүштүк жана маданий турмушка даярдоо максатында жашоонун белгилүү деңгээлдеги билимин, башкача айтканда балдарды бардык жактан (адеп, дене, акыл-эс) максатка ылайыктуу багытта калыптандыруучу процесс; 2) балдардын коомдук маданиятты жана улуу муундун үлгүлүү тажрыйбаларын үйрөнүүсү. Тарбия коомдук жана маданий турмуштагы, өндүрүштөгү активдүүлүккө даярдоого багытталат. Тарбиянын негизги түрлөрү: үй-бүлөлүк жана коомдук тарбия болуп бөлүнөт. Ал үй-бүлө жана мектептин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелердин, балдар жана жаштар уюмдарынын ж. б. коомчулуктун бирдиктүү ишмердиги аркылуу ишке ашат, ошондой эле адабият жана искусство, илим жана техниканын өнүгүүсү таасир этет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]