Тартылган торбашчан

Википедия дан

Тартылган торбашчан (лат. Dictyocephalos attenuatus) - палеогендин, өтө сейрек кездешкен реликти. Торбашчандар тукумунун дүйнөдөгү жападан жалгыз түрү.

Мөмөлүк денесинин бийиктиги 27 см ге чейин жетет. Жогорку бөлүгү кеңейип торчолуу башчаны (ушундан тукумдун аты коюлган) түзөт, узун этчелүү жана кийинчерээк катуу жыгач сымал, терең бороздуу бутчалуу. Бутчасынын теги экзоперидиясынын (сырткы катмар) калдыктары чөйчөкчө сымал кучактуу (вольва). Сырткы катмары калың, текши эмес, анда кемирчек кабырчыктуу же пирамида сыяктуу өсүндүлөрдөн турат. Жаш козу карын агыш - сары, бышып жетилгенде мөмөлүк денеси саргыч-күрөң түстө. Козу карынга селедкадай (триметиламинден) күчтүү жыт мүнөздүү келет. Жегенге болбойт. 1981-ж. Казак ССРинин Кызыл китебине киргизилген.

Таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казакстан, Россиянын Европа бөлүгү, Александрия, Түндүк- Батыш Марокко, Түштүк Родезия, Түндүк Америка (Колорадо штаты); Түндүк Кыргызстан.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чополуу жана кумдуу чөлдөрдөгү өрөөндөрдүн жана тоо этектеринин алкактары. Юр доорунун тектеринин чыгындары. Өтө сейрек өсөт. Колдо өстүрүүгө мүмкүн эмес. Июль-августта мөмөлөйт.