Тар суу

Википедия дан

Тар – Сырдарыянын алабындагы суу. Узундугу 192 км, куралуу аянты 4420 км2. Кара-Кулжа районунун аймагы аркылуу агат. Фергана тоо кыркасынын түштүк-батыш жана Алайкуу кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталат. Алайкуу жана Карабел сууларынын кошулушунан пайда болот. Каракулжа менен кошулуп, Кара дарыяны түзөт. Ортоңку агымында майда өрөөнд өр жана терең (1–2 км), кууш капчыгайлар, төмөнкү бөлүгү Алайкуу өрөөнү менен агат. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Алабында жалпы аянты 175 км2 болгон 10 көл бар. Эң ириси Чоң Кулун көлү (узундугу 4,6км, туурасы 0,7 км, аянты 1,58 км2). Жылдык орточо чыгымы 45,7 м3/сек,эң чоң чыгымы июнь–июлда (214 м3/сек), азы январь–февралда (8,9 м3/сек) байкалат. Апрелде кире баштап, октябрда тартылат. Негизинен сугатка пайдаланылат. Жээгинде Сидоров, Алай куу, Кызылжар, Кара кулжа кыштагы жайгашкан.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]