Таш

Википедия дан

Таш — аралыктын (узундукту) өлчөмүн билгизген термин "Манас" эпосунда мындай учурайт:

Добулбасы кагылып,

Тууга байрак тагылып,

Шоорук жолго салыптыр,

Он бир таш жерге жол басып,

Барган экен кошуну

Памир тоого таянып... (Курама вариант, 1. 151). Орто Азия элдеринде салмакты жана аралыкты билгизген өлчөм. "Манас" эпосунда аралыкты билгизген гана өлчөм катары берилген. Бир таш 9000 кадамдан (6 км) 12000 кадамга чейин (8,5 км) Орто Азиянын ар кандай жерлеринде ар кыл болгон. Мисалы, 1858—59-ж. бир орус туткунунун жазып кеткени боюнча эмирдин жер өлчөгүчтөрү бир таш аралыкта 9000 кадамдан кийин таш үйүп отуруп белгилешкен. Ошол бир аралыкты Т. менен белгилегендиги үчүн өлчөмдүн өзү Т. деп аталган болуу керек. Т. сөзүнүн синонимдери — фереак, санг жана йигач. Т. түшүнүгү "Манаска" Орто Азия чөйрөсүндө киргени шексиз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4