Таштык маданияты

Википедия дан

Таштык маданияты – Ортоңку Енисейдеги темир дооруна тиешелүү б. з. ч. 1-к. – б.з. 5-кылымын камтыган археологиялык маданият. Таштык маданиятынын эстеликтери 19-кылымдын акырында – 20-кылымдан башында археолог А. В. Адрианов гипс беткептери менен көмүлгөн көрүстөндөрдү ачкандан кийин окумуштуулардын көңүлүн бурган. Оглахт көрүстөн тобунан сыртынан кийим, бетинде беткеп кийгизилген киши тулкусуна окшотулуп жасалган манекендер табылган. Таштык маданиятынын эстеликтери: өлүктүн денеси сакталган жер астындагы жасалган үйлөр (склептер), чуңкур көрлөр, маркумду эскерүүчү эстеликтер, кыштакчалар, петроглифтер. Көрлөрдөн бир же бир канча кишинин өрттөлгөн же жөн көмүлгөн сөөктөрү кездешет. Маркумдун сөөгү менен кошо көргө тамак-аш (малдын сөөгү), чопо идиштер, согуш куралдарынын түрлөрү, кооздук буюмдар, ат-жабдыктар коюлган. Чоң склептердин аянты 90 м2ге жетет. Чуңкур көрлөрдүн дубалдары таш менен тизилип, ичи жана асты устундар менен капталган, үстү жабылган. Ичи өлүккө толгондон кийин чогуу өрттөлгөн. Чоң склептерден 100гө жакын адамдын сөөгү табылган. Ошондой эле жөн көмүлгөн адам сөөктөрү да кездешет. Таштык маданиятында склепте жана жөнөкөй чуңкурларда көмүүнүн мааниси өлгөн адамдын социалдык жана этностук айырмачылыгына байланышкан. Айрым склептерге бир уруунун мүчөлөрү коюлган деген пикир бар. Склептерде сөөктү өрттөө жолу менен көбүнчө эркектер, ал эми жөнөкөй чуңкур көрлөрдө аялдардын сөөгү коюлган. Склептерди жылына бир жолу гана өрттөшкөндүктөн, маркумдардын сөөктөрүн узак мезгилге чейин сактоого туура келген. Өлгөн адамдын табигый жүзүн сактоо үчүн гипстен беткеп жасашкан. Териден жасалган адамдын сөлөкөтүн тигишип, ичин чөпкө толтуруп, аны өрттөгөндөн кийин өлгөн адамдардын сөөктөрүн сөлөкөткө топтоп тигишкен жана тиги дүйнөдө маркум керектөөчү буюмдарды кошо коюшкан. Сөөктү көмүү жөрөлгөсүнөн белгилүү убакыт өткөндөн кийин, маркумду эскеришип, көрүстөндүн айланасына казылган чуңкурларга койдун, уйдун этин жана чопо идиштерди салышкан. Көрүстөндүн жанына таш мамыларды орнотушкан. Очоктун, темир буюм жасоочу жердин орду, боз үй сымал жыгач үйдүн калдыктары табылган. Аска бетине чегип же оюп түшүрүү жолу менен сүрөт тартышкан. Чоподон ийленип жасалган идиштер көп кездешет. Таштык маданиятынын тургундары мал чарбачылыгы, жер иштетүүчүлүк жана аңчылык менен кесип кылышкан. Үй шартында темир устачылык, зергерчилик, чопо идиштерин жасоо жана кийим тигүүчүлүк өнүккөн. Таштык маданияты кет, самодий, динлин, угр элдери менен байланышкан. Ал эми кээ бир окумуштуулардын пикири боюнча гянгунь (кыргыздар) менен динлиндердин аралашуусунан келип чыккан деп эсептешет. Б. з. 1-миң жылдыгынын орто ченинде Таштык маданиятынын тургундарынын бир бөлүгү Енисейге келген кыргыздардын арасына сиңип, бир бөлүгү өз жеринен куулган. Алардын тукумдары Кыргыз мамлекетинде кыштымдар (көзкаранды эл) болушкан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.