Таш чегүүчүлүк

Википедия дан

Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Таш — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги, өндүрүшкө пайдаланылып жаткан каптоочу жана атайын жасалгалоочу таштардын кени табылууда. Алардын негиздүүлөрү мрамор жана гранит болуп саналат. Таш кендерибиз — элдик көркөм кол өнөрчүлүк үчүн жергиликтүү байлыгыбыз. Андан ар кандай буюмдар жаралат.

Таш чегүүчүлүк — азыр да, эртең да, кийин да ар кандай таштардан турмуш-тиричилик үчүн эң керектүү буюмдарды-белектерди жасоодо, жашоодо аны такай колдонуу. Элибиздин күндөлүк жашоосунда таштан ар кандай буюмдарды жасоо да учурунда белгилүү өлчөмдө өнүгөт. Мындан эл абдан кардар тегирмен, жаргылчак, молоташ чегүүгө, аны жүргүзүү өңдүү күндөлүк турмуш жагдайы менен шартташкан кесипчилик кирген.

Жип ийрүүчү ийиктин башы да таштан болот. Байыркы тарыхый эстеликтерди алып караганда кыргыздар ташчылыкка талбай узангандыгын көрөбүз. Ага оюм-чийим түшүргөндүгүн да айкын баамдатат. Азыр антип суу башында ноомат күтүп тегирмен чуркатуучулук, кол тегирмен катары ар бир үйдө жаргылчак тартуучулук, таштан ийикке баш көзөөчүлүк жоголууда. «Оп майда, оп майдалап!» — ат, өгүз менен темин басуучулук кескин жоюлууда. Андай буюмдарды жана шаймандарды элибиздин өткөн турмушунун унутулгус эстелиги катары биз музейлерден көрөбүз, «Таш тогуз кумалак» да болот. Таш буюмдарынын түпкүчтөрүнө да тигил-бул көркөмдүктөр түшүрүлгөн. Жаргылчак сымал турмуш-тиричиликке эн. зарыл буюм-тайымдарга кезегинде кооз оюмдун элементтери чегилгени да баамдалат. Түркүн таштардын ички-сырткы касиеттерин көрөгөчтүктө таанып-билген усталар «куткундалып» жана «тогуз төбөлөнүп» жасалган зер буюмдарына да таштан колдонушкан.

Адамзаттын жашоо-тиричилигин тарыхый жагынан алып караганда ата журтубузда таш доору өтөт. Таш куралдар жасалган, таштан коргондор курулган. Таш идиш аяктык да милдет аткарган. Ташты-ташка сүрүү менен от тутанткан. Таш эстеликтери да учурунда көп жасалган. Эки таштын ортосуна коюп жанчып, таш менен дан майдалашкан. Бара-бара оңтоюна карата чеберлер чекебелдерин чегип, сыйдалык келтирип, каадалуу буюм катары көрсөтүү үчүн анын көркөмдүк жагына көңүл бурушкан. Ушундан улам эң зарыл күндөлүк таш буюмдары акырындык менен өнүккөндүгү өзүнөн-өзү көрүнөт.

Таш статуялар — айкелдик эстеликтерде, адамдын түспөлү, кийим-кечелери, курал-жарактары көчмөн элдердин жашоо-тиричиликтеринде кенен пайдаланылганы баамдалат. Эң жөнөкөй таш куралдарынын жасалышынан башталып, элибиздин металлды, жезди, колону колдонулушу менен бүткөн байыркы кыргыздардын турмушу көз алдыга чалдыга түшөт. Таштан курал кармап иштетүү ыкмасынын өсүшүнүн ар түрлөрү болот. Эң эле одоно түрдө жасалган кол чокмордон баштап, кескич, тешкич, жаргыч өңдүү таш курал аспаптарын жаратууга өтүп, мына ушундай жөнөкөй аракеттердин аягы ташты көзөөгө жана жылмалоого, сөөктү, мүйүздү, жыгачты иштетүү, карапа идиштерин жасоо өнөрүнүн чыгышына мүмкүнчүлүк түзгөн. Маданий коомдук жайларда, гүл бакчалуу орундарда кызыл таштарга кадимкидей элдик оюмдарды чегүү аркылуу улуттук белгилерди, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү кашкайта туюндуруу өнөрү азыр өркүндөп баратат. Гранитке көркөм түр берүү — өзүнчө кооздуктун касиетине ээ. Мында «Кыял», «жарым кыял» оюмдары таш чеккичтердин жекече чыгармачылык чеберчилигин далилдейт. Мындан сырткары «мүйүз», «жарым мүйүз», «ит куйрук», «бадам» сыяктуу оюмдары аркылуу кооздолгон орундарыбыз борбор шаарыбызда көбөйүп баратат. Демек, мындай ташты иштетүүчүлүк жана ага көркөмдүк берүү салты элдик таш чегүүчүлүктү жаңы шартка жараша өсүп-өнүгүп бара жаткан туундусу катары карайбыз жана баалайбыз.

Адатта, деңиз шарттарында чөгүндүдөн пайда болушкан таштар — элибиздин устакерчилиги үчүн баалуу жердик. Аны акиташ тектеринин арасынан кездешкен байыркы деңиз жандыктарынын ташка айланган калдыктарынан зергерлер оңой эле ажыратып билишет. Мындай баалуу материалдардын бири — үлүлдүү акиташ — жеринен пайда болгон таштар. Мунун өңү саргыч, арасында агыш темгилдери билинип турат. Такталып кетип, сайкалдап жылмалангандан кийин адамзат таң каларлык табигый кооз оймо-чиймелер элестелет. Темгилдүү таштардан ар түрдүү нурлар төгүлүп, ажайып өзүнчө көрк берет. Бул таштын дагы бир өзгөчөлүгү: бекемдиги, суукка, күн нуруна, аба ырайынан ар кандай өзгөрмөлүүлүгүнө, кислотага чыдамдуулугу аркылуу айырмаланат.

Бизде мрамор кени көп. Ал абдан тунук, бир өңчөй, майда кристалдуулугу менен өзүнө тартып, өңү сүттөй ак. Араларында кызгылт, саргыч, жашыл темгилдүүлүгү кездешет. Мындан элдик ташчылык өнөрүбүз өркүндөп өсүшкө багыт алат. Ой жеткен жерге кол жетсе, жаргарттын көгүш түстүү мраморун белек-бечкек буюмдарын жасоого колдонсо, эмне деген искусство болот!? Анын сайкалдап жылмалагандан кийин көгүлтүр нуру төгүлүп, укмуштай кооз көрүнөт. Айкелге, молого жана башка буюм тайымдарга жан киргизет. «Асыл таштан чыгат» дегендей зергерчилик үчүн андай кооз таштар уюткулуу Кыргызстандын алкагында көп. Мына ушундан улам XIX кылымда орустун окумуштуулары жергебизге келип, улуу тоолордун тулкусундагы таштарды, минералдарды көрүшүп, «Дүйнөнүн геохимиялык лабораториясы экен» — деп суктанышкан.

Жаратылышта кеңири тараган табигый курулуш материалдарынын бири — гранит таштар. Байыркы гректер гранитти «Архитектуранын королу» — деп айтышкан. Аны эбактан бери эле жана ташчылык өнөрүнө кеңири пайдаланышкан. Демек, биздин элдин өнөрү метилеп таш чегүү менен буюмдарды жана шаймандарды: (тегирмен, моло таш, жаргылчак өңдүүлөр) жасап, алтын-күмүшкө алардын ордуна колдонуучу түстүү металлдарга айкалыштыра кармап, зергерчиликти андан ары өнүктүрүү азыркы чеберлердин асыл максаттары болуп саналат.

Бүгүн таштардан адам сөлөкөттөрү, балбалдар, жаныбарлардын кейипкерлери, түрдүү буюм-белектер, базалар да жасалат. Аларга баарыдан мурда тегирмен, жаргылчак, молоташ, ийик баш, таш чырак, тогуз кумалак, бүлөө, кайрак өңдүүлөр кирет.
Борбор шаарыбыздын эле 6-микрорайонундагы сай таштары эмнеге ылайыкташып турат. Ал көлөмүнө карата аныкталат. Өтө эле көлөмдүү көрүнсө, жаргылчак эле эмес тегирмен да чегилет. Өтө жумуру келсе андан таш эстелик, молоташ чексе да жарайт. Майдарактары ийик таш, бүлөө, таш чырак, кайрак жана башкаларга шартташат. Таман алдында тапталган таштарды алып келип иштетип, жалтыратсаң, укмуштай кооз көрүнүп, табигый касиетинде кубулат. Андан чебер буюм жасай билүү гана керек. Ал эч нерсе менен алмаштыра алгыс көркөмдүктү алып чыгат. Жергиликтүү гранит таштарынын өңү ар кандай. Бүлөө үчүн кара таш, мрамор ташы жарайт.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)