Тейяр Де Шарден Пьер

Википедия дан
Пьер Тейяр Де Шарден (1947).

Тейяр Де Шарден, Пьер (фр. Pierre Teilhard de Chardin, 1881–1955) – француз окумуштуусу, палеонтолог, философ, теолог, синантропту биринчи ачкандардын бири. Иезуиттер орденинин мүчөсү (1899-жылдан), священник-поп (1911-жылдан), 1920–1923-жылдыры. Париждеги Католиктик институтта геология жана палеонтология профессору, 1923–1946-жылдары Кытайда, 1951-жылдан тартып Нью-Йоркто жашаган.

Трейдин окуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тейярдин окуусу дүйнө жана Адам, Аалам эволюциясы жөнүнүндөгү ортодоксалдык томисттик элестөөлөргө каршы турган. Мындай динден башкача ойлору үчүн Тейяр чиркөө бийликтери тарабынан окутуучулук жана чыгармаларын жарыялоо укугунан ажыратылган.

Чыгармачылыгын өнүгүп өшүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бирок, 20-кылымдын 60-жылдарынан тартып анын чыгармалары кеңири тарап пайдаланыла баштаган. Ал адамдын келип чыгышын камсыз кылган, ааламдын эволюциялык өнүгүүсүнүн себептерин жана мазмунун ачып көрсөтүү максатын койгон. Анын ою боюнча бул процесс илимий фактылар менен диндик тажрыйбанын синтези аркылуу жүрдү. Тейяр боюнча Адам дүйнөнүн тынч же терең салмактуу борбору эмес, ал эволюциянын өзөгү жана чокусу. Материя жана Жан башынан бери ажырагыс бирге. Энергия материянын касиети, космос эволюциясына испульс (түрткү) берип турган рухий кыймылдаткыч күч. Ал эми психологиялык энергетизмди болсо, Тейяр космостук эволюциянын диндик булагын негиздөө максатына пайдаланган. Ошентип дүйнө эволюциясынан жаралган жашоо-турмуш – бул бардык жандуу организмдердин формаларынын өнүгүүсү жана татаалдануусу, ой болсо адамдын жана адамзат тарыхынын биздин заманга чейинки пайда болушу. Андан берки дүйнө эволюциясы «ноосферанын калыптануусу менен аяктайт да, эң жогорку жашоо дүйнөлүк рухий эпиценрине чыгат, бул эволюциянын жетип бүткөн натыйжасы болот. Бул пункт дүйнөнү кошо курушкан жана ошол эле учурда өзүн билүүгө болбой турган трансценденттүү Христи символдойт, космогенез-христогенез. Тейярдин бул окуусу-философиялык-тарыхтык көз караштары гуманисттик, христиандык-либералдык багыттуулугу менен бааланган. Анын ою боюнча адамзат тарых процессинде алга жылууда. Бул өлкөлөр менен элдердин өз ара байланыштарын универсалдаштыруу жолу. Мында тарыхый «катарлашкан көп жер үстү» менен чиркөө уюму – «катарлашкан көп кудайлар» өз ара бири-бири менен сиңишкен. Тейяр планетанын бардык адамдарын баш коштурууга арналган христианчылык менен гуманизм деп түшүнгөн жана алардын биримдик күчүнө ишенген. Ошондой эле учурдагы бардык балакеттен куткарып алып чыга турган планацея катарында илим менен мистиканы бириктирип кошуу жөнүндөгү идеяны көтөрүп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]