Телеология

Википедия дан

Телеология (грек сөзүнөн talos – бүткөнү, максат, аяктоо жана logos – окуу) – максат же максатка ылайыктуулук жөнүндөгү окуу. Бул боюнча адамдын эле аракети эмес, тарыхый окуялар жана жаратылыш-кубулуштары жана жалпы планда да, жекече да белгилүү бир максатка багытталган. Телеология антропоцентристтик көз караш, эгерде бардыгы тең Адам үчүн жашаса; метафизикалык окуу, эгерде бүткүл дүйнөлүк процесстин үстүнөн акыркы максат бийлик кылат деп далилдесе; трансцендеттик окуу, эгерде ал дүйнөдөн тышкары турган максаттуу аркы (тиги) дүйнө бар деп моюнга алса; имманенттик – эгерде максат нерсенин өзүндө деп эсептесе (энтелегия). И. Кант телеологиянын регулятивдик, эвристикалык гана принцип, дүйнөнүн дал өзүн эмес, анын сыртын гана аңдап-билүү үчүн мааниси бар деген. Христиандык теологиялык көз караш боюнча Кудай өзү кубулуштун бир гана жогорку жана эң акыркы максаты. Немец идеализми да болжол менен ушундай түшүнөт. Телеология азыркы учурда да дискуссиянын жана анализдин предмети болууда. Ошентсе да, жалпы детерминизм деген концепцияны изилдөөдө Теориялык детерминацияга себептик, статистикалык, механикалык ж. б. детерминациянын түрлөрүндөй эле башталмалык жана фундаменталдык орун берилүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004