Телескоп

Wikipedia дан
Телескоптор

Телескоп – асман телолоруна байкоо жүргүзүүчү астрономиялык оптикалык аспап.

Оптикалык схемасына карата күзгүлүү (рефлектор), линзалуу (дефрактор) жана күзгү-линзалуу телескопко айырмаланат. Линзалуу телескоптун объективи оң, окуляры терс болсо, анда ал Галилей системасы же телескобу деп аталат. Кеплер системысынын объективи жана окуляры да оң. Галилей телескобу түз мнимый сүрөттөлүштү берет, анын көрүү талаасы аз, жарык күчү начар, конструкциясы жөнөкөй. Көбүнчө театрларда колдонулат. Кеплер системасы объектинин айландырылган чыныгы сүрөттөлүшүн берет. Кеплер системасы көз менен көрүүчү телескоптордо колдонулат. Телескоп фотографиялык, телекөрсөтүү, электрондук-оптикалык, көз менен көрүү жана башка да нурланууну кабылдагычтардын жардамы менен фотографиялык, спектрдик, фотоэлектрдик байкоолорду жүргүзөт.

Телескоптун байкоо тактыгынын күчү[оңдоо]

Телескоптун байкоо тактыгынын күчү – атмосферанын ачык шартында берилген телескоптун жардамы менен жеткиликтүү байкоо жүргүзүлгөн жарык чыгаруучунун чектик жылдыздык чоңдугу. Сүрөттөлүштүн начар сапаты нурдун жер атмосферасында термелүүсүнүн, чагылышынын жана чачырашынын натыйжасында байкоо жүргүзүлүүчү жылдыздын чыныгы чектик жылдыздык чоңдугу начарлайт, көздүн торчолорундагы жарык энергиясынын топтолушу азаят. Телескоптун карегинин киришиндеги чогулган жарыктын саны анын аянтына пропорциялуу көбөйөт, телескоптун байкоо тактыгынын күчү артат. Ал mvis = 2,0 + 5lg Д формуласы менен аныкталат, мында Д – телескоптун объективинин диаметри.

Телескоптун көрүнөрлүк чоңойтуусу[оңдоо]

Телескоптун көрүнөрлүк чоңойтуусу – аспаптын оптикалык системасы аркылуу берүүдө сүрөттөлүш байкалуучу бурчтун аны түздөн-түз көз менен байкоодо объектинин бурчтук өлчөмүнө болгон катышы. Телескоп системасынын көрүнөрлүк чоңойтушу Г= f ўоб /f”ўўок = R/P ў катышы менен туюнтулат. Мында f’ ўоб жана f’ ўўок – объектив менен окулярдын фокустук аралыктары, Д – каректин жарык кирүүчү, ал эми Д – каректин жарык чыгуучу диаметри. Объективдин фокустук аралыгын чоңойтуу же окулярдын фокустук аралыгын кичирейтүү менен объектини жетишерлик чоңойтууга болот. Телескоптун чоңойтушу канчалык чоң болсо, анын көрүү талаасы ошончолук кичине болот.

Телескоптун так көрсөтүүсү[оңдоо]

Телескоптун так көрсөтүүсү – телескоптон өзүнчө айрым көрүнүүчү эки жылдыздын арасындагы эң кичине бурчтук аралык. Көз менен көрүүчү телескоптун так көрсөтүүсү сары жашыл нур үчүн өтө сезгич көзгө y = 120/Д формуласы менен бааланат. Мында Д – телескоптун жарык кирүүчү карегинин диаметри, ал мм менен туюнтулат.

Телескопту орнотуу[оңдоо]

Телескопту орнотуу – телескоптун көрүү түтүгүн керектүү асман объектисине багыттоо. Ал үчүн атайын штативге бекитилет. Көрүү түтүгүн өз ара перпендикуляр эки октун айланасында айландырууга мүмкүндүк берет. Орнотуунун негизи ок. 1-окко салыштырмалуу 2-октун айланасында көрүү түтүгү айланат. Мейкиндиктеги октун багытына карата телескопту орнотуу бир нече түргө бөлүнөт.

Телескоптун горизонталдуу орнотмосу – телескоптун бир огу тик (азимут огу), экинчи огу (зениттик аралык огу) горизонталдуу жайгаштырылган орнотмо. Горизонталдуу орнотмо альтазимуттуу орнотмо деп да аталат. Альтазимуттуу орнотмонун кемчилиги – асман сферасынын көрүнгөн суткалык айланышынын натыйжасында кыймылдаган асман объектисин көзөмөлдөө үчүн телескопту эки октун айланасында буруу зарылчылыгынын келип чыгышы. Альтазимуттуу орнотмону көптөгөн астрономиялык аспаптар (универсалдуу аспаптар, пассаж жана меридиан тегеректери) жабдып турат.

Телескоптун экватордук орнотмосу – уюлдун же сааттын башкы огу дүйнөнүн уюлуна багытталып, ал эми 2-огу ага перпендикуляр жана экватор тегиздигинде жаткандай орнотулган орнотмо. Экватордук орнотмодо көпчүлүк учурда жылдыздардын суткалык кыймылын көзөмөлдөө үчүн телескопту бир гана уюлдук октун айланасында буруу жеткиликтүү болот. Маунт-Паломар (АКШ) обсерваториясындагы 5 метрлүү рефлектор экватордук орнотмо менен жабдылган. Ушуга эле окшош Крым астрофизизикалык обсерваториясына 2,6 метрлүү рефлектор орнотулган, ал эми атайын астрофиз. обсерватория дүйнөдөгү эң ири 6 метрлүү рефлектор альт-азимуттуу орнотмо менен жабдылган. Жердин жасалма жандоочусунан байкоо жүргүзүү үчүн жана түрт октуу орнотмо фотокамералар колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов