Теллур

Википедия дан
Теллур.

Теллур (латын тилинен Tellurium) — Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VIА группа элементи; к.н. 52 ат. м. 127,60. Жаратылышта туруксуз 8 изотоптон: 120Те; 122Те -130Те турат. Кеңири тараган изотоптору 128Те (31,79%) жана 130Те (34,48%). Жасалма радиоактивдүү изотопторунан 127Те (Т1/2 =105күн) жана 129Те (Т1/2 =33,5 күн) белгилүү. Т. 1798-ж. М.Клапрот тарабынан ачылган да, Жерге арналып Т. деп аталган. Жер кыртышынын (м. б-ча) 1 ×10-6 % түзөт. Т. жаратылышта калаверит AuTe2, креннерит (Au, Ag)Te2, гессит Ag2Te, тетрадимит Bi2Те2S, теллуровисмутит Bi2Te3, теллурит TeO2 жана башка минералдары түрүндө кездешет. Т. күмүш түстүү, металлдык жалтырактыгы бар, морт металл; полиморфтуу түрлөрү жок; 1400оС диссоциацияланат; Т. – жарым өткөргүч. Химиялык бирикмелерде окистенүү даражасы +2, +4 жана +6. Кадимки шартта абада жана оксидде туруктуу. Ысытканда оксидде көгүлтүр жалын менен күйүп, ТеО2 оксидин пайда кылат. Галогендер менен төмөнкү темп-рада реакцияга кирет (иод менен нымдуу шартта). H2, N2, C жана S теллурга таасир этпейт. Т. селен менен суюк жана катуу эритмелерди пайда кылат. Ысытканда металлдар менен жеңил реакцияга кирип, теллуридди пайда кылат. Азот к-тасы жана падыша арагында жакшы, туз к-тасы жана щелочтордо жай эрийт. Т. белгилүү бирикмелери: оксиддери – TeO2, TeO3, TeO; галогениддери – TeCl4, TeBr4, TeI4, TeF4, TeF6, TeCl2, ТeBr2 ; суутек теллуриди H 2Te; Т. кислоталары – H2TeO3, H6TeO6 ; Т.к-талары туздары – Ag 6TeO6, Hg3TeO6, Na2TeO4×2H2O; орг. бирикмелери: теллуромеркаптан - RTeSH; диалкилтеллурид – R2Te жана башка Т. кенден коргошун, жез, цинк өндүрүүдө кошо алынат. Т. жарым өткөргүч техникада, коргошун өндүрүшүндө сапаттуу коргошунду алууда, резина вулканизациялоодо, айнек жана керамика өнөр жайда боек түрүндө колдонулат. Ал эми бирикмелеринен Na2TeO3 жана K2TeO3 микробиологияда, медицинада дифтерия оорусун аныктоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]