Темиров, Марат

Википедия дан

Темиров Марат (кырг. Темир уулу Марат) (1943-ж. т., Түп району, Корумду айылы) — контрадмирал (1989).

1966-ж. Ленинграддагы Ленин ордендуу Ф. Э. Дзержинский атындагы инженердик-жогорку аскер-деңиз окуу жайын бүткөн.
1966-жылдан Кызыл Туулуу Түндүк аскер-деңиз флотүнда суу астында сүзүүчү ар түрдүү атом кемелерде кызмат өтөгөн.
1975—76-ж. Бишкектеги КСТУ-нун (Коргоо спорт-техникалык уюму) деңиз мектебинде начальник.
1976—80-ж. КСТУнун бириккен техникалык мектебинде (Бишкек) начальник.
1980-ж. КСТУнун Ош облустук комитетинин төрагасы болуп шайланган.
1987-жылдан Кыргыз Республикасынын КСТУсунун Борбордук Комитетинин төрагасы.
Темиров 3-даражадагы «СССР Куралдуу Күчтөрүндө Ата Мекенге кызмат өтөгөндүгү үчүн» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.