Терапия

Википедия дан
Мануалдык терапия
Микроток терапиясы
Протондук терапия

Терапия (грек тилинен θεραπεία [therapeia] — дарылоо, денди соо кылуу) —

  1. медицинанын ички органдардын ооруларынын себептерин, өөрчүү механизмин, диагноз коюусун, дарылоо жана алдын алуу жолдорун изилдөөчү негизги клиникалык бөлүгү; байыркы жана врачтык негизги адистиктердин бири. Терапиянын өөрчүшүндө 19-кылымда патологиялык анатомия, физиология, бактериология жана башка илимдердин жетишкендиктери түрткү берген. 20-кылымда андан өз алдынча тармактар (гастроэнтерология, нефрология, пульмонология, кардиология жана башкалар) бөлүнүп чыкты.
  2. Ооруну консервативдик дарылоо методдору. Ага химия терапиясы, гормон менен дарылоо, кан сары суусу жана вакцина менен дарылоо, нур менен дарылоо, климаттык шарт, кыймыл, массаж, минералдык суулар жана баткак менен дарылоо, электр менен дарылоо жана башкалар кирет.

Терапевт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Терапевт — ички органдардын ооруларын табуу (диагноз коюу), дарылоо жана алдын алуу боюнча даярдалган адис-врач.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8