Тербий

Википедия дан
Тербий.

Тербий (латын тилинен Terbium, Tb) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 65, ат. м. 158,9254. Т. массалык сандары 146Tb - 164Tb болгон 19 изотобу белгилүү, алардын ичинен жаратылышта массалык саны 159Tb болгон бир гана изотобу табылган. Т. жер кыртышында 1,5×10-4 % массалык санда кездешет. Т. ак күмүш түстөгү балкып эрүү температурасы 13560С; кайноо температурасы 28000С; бирикмелеринде +3 жана +4 окистенүү даражаларын көрсөтүүчү активдүү металл. Окистенү -калыбына келүү потенциалы -2,39 барабар, Т. бирикмелери айнектерди, лак, люминофор өндүрүүдө, ошондой эле радиоизотоптук индикатор катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]