Тергенташ аска бетиндеги сүрөттөр

Википедия дан

Тергенташ аска бетиндеги сүрөттөрколо доорунан орто кылымга чейинки мезгилге таандык археологиялык эстелик. Алай районунун Үчдөбө айылынан 14 км түндүктө, Кичикаракол суусунун башатында жайгашкан. Байыркы кишилер, эчки-текелер, төөлөр, иттер, жылкылар, чабактуу дөңгөлөктөр, ар кандай формадагы белгилердин жана түшүнүксүз сызыктардын сүрөттөрү тоолордон урап түшкөн таштардын жылмакай капталдарына тартылган. Мындан сырткары аң уулоо, эки жуп атка чегилген арабалардын, ат чаап бара жаткан кишинин, жандыктардын жуп-жубу менен колдорун жогору көтөрүп бийлеп жаткан көрүнүштөрү тартылган кызыктуу сүрөттөр да бар. Тергенташ аска бетиндеги сүрөттөр тууралуу алгачкы кабарды Л. Жусупакматов 1980-ж. билдирген. Кыргыз тарыхчылар жамааты жана Түрк тарых курумунун биргелешкен археологиялык экспедиция тарабынан изилденүүдө.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.