Валентина Терешкова

Википедия дан
Терешкова, Валентина Владимировна‎»‎ барагынан багытталды)
Валентина Терешкова менен Юрий Гагарин ГДР-Венгрия футбол таймашын көрүү үчүн келгенде шаңдуу кабыл алынышты. 1963-жыл.

Валентина Владимировна Терешкова (орусча: Валенти́на Влади́мировна Терешко́ва, 1937-жылы 6-мартта туулган) ― советтик туңгуч космонавт айым, учкуч, генерал-майор, коомдук ишмер. Советтер Союзунун Баатыры.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Валентина Терешкова, 1969.

Валентина Терешкова 1937-жылы 6-мартта Орусиянын Ярослав облусуна караштуу Большое Масленниково кыштагында келгин белорустун үй-бүлөсүндө туулган.

Атасы Владимир Аксёнович Могилев облусунун Белиныч районуна караштуу Выйлово кыштагынан болот. Ал совет-финн согушунда курман болгон. Бала чагында Валентина белорусча сүйлөгөн.

1959-жылдан Ярославлда парашют спорту менен алектенет. Ошол эле учурда текстил ишканасында жумушчу болуп иштейт.

1955-60-жылдары Ярославл жеңил өнөр жай техникумунда сырттан окуйт.

1962-жылы 12-мартта космонавттыкка талапкер болуп катталат.

1963-жылы 16-июнда Терешкова "Восток-6" кемеси менен космоско аттанып, анын учуу мөөнөтү үч күн-түнгө созулду.

Ошол эле күндөрү космосто Валерий Федорович Ьыковский "Восток-5" кемеси менен космостук орбитада учуп жүрдү.

Терешкованын шартуу ысымы "Чайка" ("Акчардак") болгон. Ал 48 жолу Жерди айланып чыккан.

Терешкованы жерге түшүргөн жабдык (аппарат) Орусиянын Алтай аймагындагы Баев районуна аман-эсен конгон.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Валентина Терешкова менен Андриян Николаевдин үйлөнүү үлпөтү. Москва, 3-ноябр, 1963-жыл

Оболу Валентина Терешкова космонавт Андриян Николаев менен баш кошкон (1963-жылдын 3-ноябры).

Үлпөткө Н.С.Хрущёв да келген.

1964-жылы 8-июнда Валентина менен Андриян Елена аттуу кыздуу болушкан.

1982-жылы эки космонавт расмий түрдө ажырашкан.

Андан соң В.Терешкова медицина кызматынын генерал-майору Юлий Георгиевич Шапошников (1931—1999)менен баш кошкон.

Неберелери — Алексей Игоревич Майоров (1996) жана Андрей Андреевич Родионов (2004).

Коомдук активдүүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылы Ярославль облустук тизмеси боюнча "Бирдиктүү Орусия" партиясынан Орусиянын Мамлекеттик Думасына депутат болуп шайланган. Терешкова Елена Мизулина, Ирина Яровая жана Андрей Скоч [1][2][3] менен бирге христиандык баалуулуктарды коргоо боюнча фракциялар аралык депутаттык топтун мүчөсү; бул кызматта ал Орусиянын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоду, ага ылайык, "Православие Россиянын улуттук жана маданий өзгөчөлүгүнүн негизи болуп саналат". 2011-жылдын 21-декабрынан тартып Мамлекеттик Думанын Федералдык түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Советтер Союзунун Баатыры (1963).
  • К. Э. Циолковский атындагы алтын медал (СССР ИАсы)

Эмгегинин бааланышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Терешковага "ХХ кылымдагы чыгаан аял" наамы берилген.

Терешкованын ысымы менен:

  • Айдагы кратер аталган;
  • "Чайка" деп бир чакан астероид аталган;
  • Орусияда, Казакстанда ж.б. көчөлөр аталган;
  • Ярославл облусунда бир музей жана Ярославл шаарында планетарий аталган.

Фильмдер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Музыка[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Терешковага арналып абдан көп обондуу ыр чыгарылган:

Голландиялык "Stone Oak Kosmonaut" тобунун «Cosmonaut № 6 (Valentina Tereshkova)» ыры, София Ротару ырдаган «Валентина» ыры (модаван тилинде, 1968-жыл), ж.б.

Почтоо маркалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Дүйнөнүн ар кыл мамлекеттеринин почтоо маркалары Терешковага арналган:

Кыскача адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Герои звёздных трасс: Сборник / Составитель Д. Мамлеев. М.: Известия, 1963. - 192 стр.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://lenta.ru/tags/persons/skoch-andrey/.
  2. Бизнес-вектор Андрей Скоч: «Если хочешь быть счастливым — обязательно будь добрым» (ru-RU) (1 -февраль (бирдин айы) 2022).
  3. https://pg21.ru/page66932.