Теринин ириңдүү жаралары

Википедия дан
Теринин ириңдүү жаралары: стрептококк сары карты
Пиодермия

Теринин ириңдүү жаралары (пиодермия)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пиодермия(байыркы грек тилинен πύον — чирик и δέρμα — тери) Түрдүү ириңдеткич микробдор (стрептококк, стафилококк жана башкалар) пайда кылат. Дени соо кишинин терисинде дайыма бул микробдор болот. Эгерде организм жагымсыз чөйрөгө туш болсо ал микробдор зыянсыз формасынан патогендүү формага өтүп, оору пайда кылат. Бул оору оорулуу менен бирге болгондо же кийим, үй-тиричилик буюмдары жана башкалар аркылуу жугат. Теринин ириңдүү жаралары өздүк гигиена эрежелерин сактабагандан, терини күтө билбегендиктен, тери травмаларынан (бир нерсе кирсе, кесилсе, тытылса, курт-кумурска чакса), терчилдиктен, организмди начарлатуучу өнөкөт оорулардан кийин пайда болот. Кээде пиодермия башка тери ооруларын (котур, экзема жана башкалар) кабылдатып күчөтөт. Теринин көп тараган ириңдүү жараларына фолликулит, импетиго, сикоз, безетки, сыздоок, чыйкан, жамажай жана башкалар кирет. Пиодермия негизинен катуу кармап, бир нече күндө же жумада айыгат; ден соолугу начарларда ал создугуп, өнөкөткө өтөт да, айлап, жылдап айыкпаган жара пайда болот.

Жараны дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаранын тегерегин күнүгө салицил спиртинин 1%түү эритмеси, календуланын (теңге гүл) тундурмасы (балдар үчүн жарымына кайнак суу кошулат) жана башкалар менен тазалайт. Травма алган жер кызарып, шишисе же ооруса врачка кайрылуу зарыл. Инфекция тарап кетпес үчүн теринин ириңдеген жерин жууга, жылыткыч компресс коюуга болбойт. Оорулуунун ич кийимин бөлүп жууп, сода кошуп кайнатат; бөлмөнү желдетип, күндө ным чүпүрөк менен сүртүү зарыл.

Тамактануу жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ооруну дарылоодо туура тамактануу маанилүү. Ошондуктан тамак белокко, витаминге бай болуу керек; өткүр, туздуу, таттуу тамак, спирт ичимдиктери зыян.
Өзгөчө эмчектеги балдардагы теринин ириңдүү жаралары опурталдуу. Баланын терисинде ириңдүү жаралар көбүнчө ысык чыккандан күчөп, ириңдүү ыйлаакчага айланат. Ошондуктан балада бирин-серин ириңдеген ыйлаакча пайда болсо ага күнүгө 3 — 4 жолу дезинфекциялоочу каражат (бриллиант жашылы, Кастеллани суюктугу жана башкалар) сыйпоо керек. Теринин жабыркаган жеринин айланасын кайнаган сууга спирт кошуп сүрткөн жакшы. Инфекция тарап кетсе врачка кайрылуу керек.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Теринин ириңдүү жаралары алдын алуу үчүн өзгөчө балдардын терисин таза күтүү (тырмактарын алып, бат-бат колун жууп, упчусун, оюнчугун кайнак суу менен чайкоо) зарыл.
Теринин жабыркаган жерине (тытык, кесик, айрылган жерди) дароо дезинфекциялоочу каражаттарды (йод, бриллиант жашылы жана башкалар) сыйпоо керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8