Терини күтүү

Википедия дан
Бетти муздак сууга жууш
Бетжапма

Терини күтүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тери нормалдуу иштеши үчүн аны дайыма таза күтүү зарыл. Иш процессинде терини булгоочу түрдүү заттардан, чаң, микроб, тери майларынан, терден арылтуу үчүн жуунуу керек. Терини жумасына 1 — 2 жолу самындап, жылуу суу (36 — 38°) менен жуунуу сунуш кылынат. Кир самын менен жуунууга болбойт, анткени ал терини кургатат. Организмди чыңдоо максатында жумасына 2 жолу мелүүн ванна же душ (34—35°) алса болот. Эртең мененки көнүгүүлөрдөн кийин сүлгүнү муздак суу менен нымдап туруп, денени сүртүү, жайында мелүүн душ алуу жакшы. Моюн, колтук, эмчектин астын күнүнө жуу зарыл. Өндүрүштө иштегендер жумуштан кийин майлуу самындар («Ланолиновое», «Спермацетовое», «Детское» жана башкалар) менен жылуу душка жуунган оң. Толук адамдарга эти бышарып кетпес үчүн тери бырыштарын кайнатылган өсүмдүк майы менен майлап, упа сыйпаса болот.

Бет терисин күтүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Беттин териси нормалдуу болсо бетти суу менен күндө жууп, жумасына 2 — 3 жолу «Детское», «Красный мак» самындарын колдонуу сунуш кылынат. Бөлмө температурасындагы суу териге жагымдуу таасир тийгизет. Муздак суу менен такай жуунуудан тери кургап, бырышып, былбырап кетет, ысык суу менен жуунганда ал жакшы тазалайт, бирок дайыма жуунуудан кан тамырлар кеңейип, тери начарлап бошоңдойт. Муздак жана жылуу сууну алмак-салмак куюнуу менен жуунуу беттин кан айлануусун жакшыртат, теринин азыктанышына шарт түзөт. Кечинде бетти «Лилия» лосьону, «Розовая» суусу менен сүртүү керек. Эгерде беттин териси майлуу болсо, жуунардан 10 мин. мурун бетке айран, кефир сыйпап, анан муздак жана жылуу суу менен алмак-салмак жуунуу талапка ылайык. Безетки чыкпас үчүн алдын ала күнүнө 1 — 2 жолу «Утро», «Старт», «Финиш», «Идеал», «Ромашка», «Огуречный» лосьондору менен сүртүү сунуш кылынат. Бет терисинин майлуулугун азайтуу жана кан айлануусун жакшыртуу үчүн чай кашык туздун 1/4 бөлүгүн самын көбүгүнө кошуп, бетке сүйкөп, 2 — 3 мин. өткөндөн кийин жылуу, андан кийин муздак суу менен жууп, сүлгү менен кургата аарчынып, анан «Лимонный», «Ленинградский», «Белая ночь», «Снежинка», «Кристалл», «Идеал», «Любимый» жана башкалар бет май ларын сыйпоо керек. Мезгили менен беттеги безеткини кетирип, косметикалык кабинеттерде дарылоо маскаларын, врач-косметологдун кеңеши боюнча беттин майын кетирүүчү жана дезинфекциялоочу эритмелер: 1%түү салицил, камфора же нашатырь спирти, резорциндин 2%түү эритмеси, теңге гүл ачытмасы жана башкалар (жарым стакан сууга 1 аш кашык) менен сүртүү сунуш кылынат.

Кургак тери үчүн кеңештер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Беттин териси кургак болсо «Детское», «Спермацетовое», «Косметическое», «Ланолиновое» самындарын жумасына бир жолу колдонуп, жылуу суу менен жуунуу керек. Тери өтө кургак болсо, жуунардан 20—30 мин. мурун бетти суюк бет май менен калың майлап же «Утро», «Бархатный», «Миндальное молоко» менен сүртүнүү жетиштүү. Мындан башка да жуунарда жумуртка сарысын чалып, ага өсүмдүк майын, кайнак сууну теңдеп кошуп, аралаштырып бетке сүйкөп, 5—10 мин. өткөндө адегенде самын менен жылуу, анан муздак суу менен жуунуу керек. Кечинде бетти «Рассвет», «Бархатный», «Утро» бет майлары, «Лилия» же «Роповая» суусу менен тазалап, теринин бырыш түшө турган жерлерине азыктандыруучу («Атласный», «Янтарь», «Восторг» жана башкалар) бет майларды сүйкөп, 30—40 мин. өткөндө бет майдын калдыгын кагаз салфетка менен аарчып салат. Айына 1 жолу косметикалык кабинетте массаж жасатып, азыктандыруучу маска жасаткан пайдалуу. Айрым маскаларды үйдө жумасына 2 — 3 жолу жасаса болот. Ага жаңы бышкан жемиштерди (алма, жүзүм, лимон, дан куурай, кулпунай жана башкалар), жашылчаларды (бадыраң, капуста, помидор жана башкалар) пайдаланса болот. Алардын кабыгын аарчып, майдалап, ага бир аз ун кошуп аралаштырат. Анан 10—15 мин. бетке жаап коёт. Маска жабарда жана андан кийин бетти жууп, майлуу бет май сыйпоо керек. Жайында бетке күн нурунан коргоочу «Луч», «Щит» жана башкалар бет майларды сыйпоо сунуш кылынат. Бетти жакшы сактоо жана бырыш түшпөө үчүн тери күтүүдөн башка да туура тамактануу (түрдүү витаминдүү тамак), эмгек жана эс алуу режимин (жетиштүү уктоо, дайыма абада сейилдөө) сактоо, физкультура жана спорт менен машыгуу талапка ылайык.

Моюн терисин күтүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Моюнду күндө самындап жууп, бырышып, кургабас үчүн майлуу бет май сүйкөп, анан сүлгүнү суулап алып, алмак-салмак ысык жана муздак компресс (5 минутадан 4 жолу) жасап, андан кийин кайра бет май сүйкөп туруп, массаж жасоо керек. Андан тышкары атайын көнүгүүлөр сунуш кылынат. Колду күтө билүү. Кол көп булгангандыктан, аны күтүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Үй жумуштарын аткарганда резина мээлей кийип алган ылайык, же «Защитный», «Силикононый» бет майын сыйпап алуу сунуш кылынат. Өтө кир колду бир үзүм кебезди өсүмдүк майга малып сүртүп, анан жылуу сууга бир нече тамчы нашатырь спиртин тамчылатып, жууш керек. Кир жуугандан кийин колго кефир, айран сыйпоо сунуш кылынат. Бут терисин күтүү. Бутту күн сайын самындап жууп, жылуу суу менен ванна жасап, сүлгү менен кургатуу керек. Бут өтө терчил болсо ар күнү жуугандан кийин кургаткыч сепме жана лосьон менен сүртүү сунуш кылынат. Грибок оорусунун алдын алуу максатында буттун терисин туура күтүү чоң мааниге ээ (Микроспория, Трихофития, Эпидермофития).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8