Теркс жана Кайкос аралдары

Википедия дан
Теркс жана Кайкос аралдары.

Теркс жана Кайкос аралдарыУлуу Британия ээлиги. Кариб деңизиндеги 2 аралдар тобунан (Багама аралынан түштүк-чыгышка, Гаити аралынан түндүгүрөөк) турат. Аянты 430 км2. Калкы 20,1 миң (2010). Административдик борбору – Кукбурнтаун. Расмий тили – англис тили. Аралдын курамына кирген 40ка жакын аралдын 8инде гана адам жашайт. 1962-ж. чейин Улуу Британиянын ээлиги Ямайканын бир бөлүгү болгон. Ямайка көз каранды эместикке ээ болгондон Багама аралынын ээлиги. 1973-жылдан Улуу Британиянын башкаруусунун астында болуп, учурда өз алдынча көз каранды эмес аймак. Аралды мыйзам чыгаруучу кеңештин мүчөлөрү тарабынан дайындалган губернатор башкарат. Анын курамы премьер-министрден жана 4 министрден турат. Калкынын негизин мурунку кулдардын тукумдары негрлер (90%) түзөт. Аралда ичүүчү таза суу жокко эсе. Ошондуктан алар негизинен жаан суусун пайдаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]