Терчилдик

Википедия дан
Терчилдик

Терчилдик (байыркы грек тилинен ὑπερ- — эң эле; ἱδρώς — тер) — тердин өтө көп бөлүнүп чыгышы.
Тердөөнү нерв системасы жөнгө салат. Нерв системасы тез козголгон, эндокрин системасы, жугуштуу өнөкөт оорулуу (кургак учук жана башкалар) адамдар кара жумуш иштесе, толкунданса, ошондой эле жылуу күндөрү бүт денеси тердейт. Мындан тышкары белгилүү бир жери — алаканы, таманы, колтугу жана башкалар тердегендер да болот. Өтө терчилдик ысык чыгуу, өйкөлүү, бышаруу, экзема, мите козу карындар пайда кылуучу ириңдүү оорулардын пайда болушуна түрткү берет.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпы терчилдикте врачка кайрылып, айрым жерлери терчилдер өздүк гигиенаны сактоо керек. Өтө көп тердеген жерди (бут, колтук, жука чурай, эткээл аялдарда эмчектин алды) күн сайын жылуу суу менен самындап жууп туруу зарыл. Жуугандан кийин терини сүлгү менен кургата сүртүп, ным тартчу упа же дезодорант сээп коюу керек. Шыбоолуу бутту күн сайын марганцовка кошуп ванна жасап, кургата сүртүп, бармактардын арасына кургаткыч сепме дарыларды же атайын дезодорант сээп туруу сунуш кылынат. Эртең менен таза байпакка кургатуучу жана дезинфекциялоочу каражат (мисалы, тальк менен уротропиндин теңме-тең аралашмасын) себет. Буттун териси өтө кургап кетпес үчүн жумасына бир-эки жолу бет май («Питательный», «Ланолиновый», «Янтарь», «Крем для ног», «Эффект») сүйкөп, байпакты күн сайын алмаштыруу керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8