Шакектер ээси

Википедия дан
Теңир шакеги‎»‎ барагынан багытталды)
Шакектер ээси
Жазуучу Жон Роналд Руэл Толкин
Нукура аталышы The Lord of the Rings
Өлкөсү  Улуу Британия
Тили англис
Чыккан жылы 1954,1955

"Шакектер ээси" (англ. The Lord of the Rings) — англиялык жазуучу Жон Роналд Руэл Толкин жазган эпикалык[1] жогорку-фэнтези роман. Китеп Толкиндин 1937-жылы жарык көргөн "Хоббит" фэнтези романынын уландысы катары башталып, бирок акыр-аягы бир топ эле чоң эмгекке айланган. 1937-жылдан 1949-жылга чейин жазылган "Шакектер ээси" китебинин 150 миллиондон ашуун нускасы сатылып, жарык көргөн романдардын ичинен эң көп сатылган эмгектердин бири болуп калган.

Романдын аталышы окуядагы башкы терс каарман Кара Лорд Сауронго байланыштуу аталып калган. Ал мурдагы доордо Күчтүү шакектерди башкарыш үчүн Бир шакекти жаратып, андан ары Орто дүйнөнү колго алып, башкаруу максатын көздөйт. Англиянын элет жерине окшогон Шир аймагында жай баракат башталган окуя Орто дүйнөдөн уланып, андан ары каармандардын көзү аркылуу Шакек согушунун жүрүшүнө окурманды жетелейт. Окуя хоббиттер Фродо Бэггинс, Сэмвайс "Сэм" Гамги, Мериадок "Мерри" Брэндибак менен Перегрин "Пиппин" Туктун көзү аркылуу эле эмес, ошондой эле алардын башкы өнөктөрү жана саякатташтары: түндүктүн изкубары - Араторндун уулу Арагорн, Гондордун капитаны Боромир, эргежээл Гладиндин уулу эр Гимли, Элфтердин ханзаадасы Леголас Жашыл жалбырак, сыйкырчы Гэндалфдын дагы окуяларын кошо банядайт.

Бул эмгек башында Толкин тарабынан эки томдук топтомдун бир бөлүмү, жана башка бир бөлүмү "Силмариллион" болот деп пландалганы менен басмаканачы тарабынан бул идея жокко чыгарылган. Экономикалык себептерден улам "Шакектер ээси" 1954-жылдын 29-июлунан тартып 1955-жылдын 20-октябрына чейинки убакыт аралыгында үч томдук болуп басылып чыккан. Алар "Шакектин тарапташтары", "Эки мунара" жана "Падышанын кайтып келиши" деп аталган. Түзүлүшү жагынан роман өз ичинде алты китепке, ар бир том экиге бөлүнүп, аяк жагында кошумча маалыматтардын бир канча тиркемеси орун алган. Айрым басылмаларында жалпы китеп бир томго камтылган. "Шакектер ээси" ошондон бери бир нече жолу кайра басылып, 38 тилге которулган.

Толкиндин эмгегиндеги темалар жана келип чыгышы кеңири талдоолордун жол берген. Бул негизи эле өз алдынча эмгек болуп жазылса да, андагы окуя Толкин 1917-жылдан бери эмгектенип келген ири эпикалык чыгарманын акыркы окуясы гана болгон. Толкин өзү муну мифопея деп атаган. "Шакектер ээсинин" жана андан мурдагы эмгектердин жаралышына филология, мифология, дин, индустриализациянын кесепеттерине болгон автордун кыжырдануусу жана ошондой эле мурдараак жарык көргөн фэнтези чыгармалар менен Толкиндин Биринчи дүйнөлүк согуштан алган тажрыйбасынын таасири чоң. Бул эргүүлөр менен темаларды Толкин көп учурда четке кагып келет. "Шакектер ээси" өз кезегинде заманбап фэнтезиге зор таасирин тийгизген деп айтылган жайы бар. Толкиндин таасири ушунчалык чоң болгондуктан "Толкинчи" жана "Толкинчесинен" деген сөздөр Оксфорддун англис тил сөздүгүнө кирген.

"Шакектер ээсинин" узакка созулган популярдуулугу элдик маданиятта көп сандаган эмгектердин жаралышына жол ачкан. Толкиндин чыгармаларын сүйгөн күйөрмандары көптөгөн коомчулуктарды негиздешип, Толкин жана анын эмгектери тууралуу китептер жарык көргөн. "Шакектер ээси" көркөм сүрөттөрдү, музыканы, тасмалар менен киносериалдарды, видео оюндарды жана ошондой эле андан кийин жаралган адабий чыгармаларды шыктандырган жана азыркы күнгө чейин шыктандырып келет. "Шакектер ээсинин" радиого, театрга жана тасмага ылайыкташтырылган версиялары сыйлыктарга татыган. 2003-жылы бул чыгарма "Би-Би-Синин" "Эң көп окулган китептер" тизмесинде орун алып[2], Британиянын эң сүйүктүү романы деп табылган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Chance, Jane (1980) [1979]. The Lord of the Rings: Tolkien's Epic. pp. 97–127. ISBN 0-333-29034-8.
  2. https://www.bbc.com/news/entertainment-arts-50302788