Тиллебаев Өмүрбек

Википедия дан

Тиллебаев Өмүрбек - акын.

Өмүрбек Тиллебаев Ош облусунун Кара-суу районундагы Ак-Жар айылында 1961-жылы 31-августта туулган.
СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун журналистика бөлүмүн бүтүргөндөн кийин Тажик ССРинин Мургаб районунда мугалим, респуб-ликалык «Ленинчил жаш», «Мугалимдер газетасы», «Эркин Too», гезиттеринде кабарчы, республикалык, облустук телерадио комитеттеринде редактор болуп иштеген. Учурда кыргыз телерадиосунун улуттук биринчи кана-лынын «Ала-Тоо» маалымат борборунда коментатор болуп эмгектенет.
Анын «Күздөгү көрүнүш» деген биринчи ыры 1977-жылы райондук «Эмгек майданы» гезитинде жарык көргөн.
Ө.Тиллебаев 1991–1993-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун чыгар-мачыл жаштар менен иштөө секциясын жетектеген.
Акындын биринчи китеби 1987-жылы «Күн жыты» деген ат менен «Кыргызстан» басмасынан жарыкка чыккан.
Ал орус акындары С.Есенин, В.Маяковский, Е.Евтушенко, А.Вознессенский, литва эл акыны О.Вациетис жана казак, кыргыз эл акыны М.Шахановдун ырларын кыргызчага которгон.
Ө.Тиллебаев 2006-жылы Түркияда өткөн түрк тилдүү элдердин акындарынын эл аралык фестивалына катышып атайын Грамотага татыктуу болгон.
1991-жылдан СССР Жазуучулар Союзуна мүчө.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Күн жыты: Ырлар, поэмалар, балладалар. – Ф.: Кыргызстан, 1987.

Кут жылдыз: Ырлар жана макалалар. – Б.: Учкун, 2004.