Тишти пломбалоо

Wikipedia дан
Пломбаланган тиштин көрүнүшү.

Тишти пломбалоотиштин чириши, пульпит жана башкалар тиш кемтиктерин атайын пломбалоочу материал менен толтуруп дарылоо.

Касиеттери[оңдоо]

Ал материалдар тиштин формасын калыбына келтирүүдөн тышкары антисептик касиетке ээ болгондуктан микроорганизмдердин тиричилигин да токтотот. Тишти пломбалоодон кийин демейде тиштин чириши токтолуп, кабылдоолор болбойт. Тиштин пломбасы анын кемтигинин түрүнө, оору тиштин абалына жана башкалар жараша түрдүү материалдан жасалат. Маңдайкы тишти пломбалоо үчүн селикат-цемент, пластмасса, сүт тиштер менен тиштин түбүн пломбалоого фосфат-цемент, антисептик заттары бар цемент колдонулат. Андан тышкары күмүш амальгамасы, бат катуучу пластмасса жана башкалар материалдар бар. Тишти пломбалоодо чириген тишти бормашинанын жардамы менен тазалайт, мында жагымсыз сезим пайда болот, кээде ооруйт. Тишти пломбалоодон кийин 2 саат тамак ичүүгө болбойт. Айрым учурда тишти пломбалагандан кийин тиштер тийсе ооруйт. Ал пломба бийик коюлуп калуудан же тиштин дарыга реакциясынан болот. Мындай учурда врачка кайрылуу керек.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8