Тойкожо Бучук уулу

Википедия дан

Тойкожо Бучук уулу, Тойкожо сурнайчы (1840—1912, Талас өрөөнү, «Чырганак» деген жер) — көрүнүктүү сурнайчы.

Залкар сурнайчы Кара Тураптын өрнөгүн алган. 17 жашынан чебер сурнайчы катары Талас өрөөнүнө таанылган. Ал көптөгөн аш-тойлордо жарчы, сурнайчы болуп, эр сайыш, күрөш, ат чабыш, оодарыш, жорго салдырыш, жөө эңиш сыяктуу элдик оюндарды сүрөөнгө алган. Сурнайы менен бүт кыймылды даңазалаган. Тойкожонун «Баатыр баштоо», «Калың бүрбөдө», «Айкөл Манас», «Торгой сайрап таң атты», «Ат кетти», «Калча баатыр найза сал», «Токто чором, найза сал», «Ак байбиченин термеси», «Ажик күү», «Кер өзөн», «Салтанат», «Эр сайыш» өңдүү классикалык чыгармалары улуттук сурнай күүлөрүнүн уюткусун түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.