Токмок

Википедия дан
Токмок
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Чүй облусу|Чүй

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

13-май 1864-жыл

Аянты

55,35

Бийиктиктиги

800-850

Калкы
Расмий тили

кыргыз тили

Калкынын саны

71 443 (2021-жыл)

Жыштыгы

адам/км2

Улуттук курамы

кыргыздар — 18,7 миң
орустар — 17 миң
дунгандар — 9,1 миң
өзбектөр — 4,9 миң
уйгурлар — 1,2 миң
казактар — 1,2 миң
башка улуттар — 6,1 миң citykr.kg

Диний курамы

ислам, христиан

Этнохроним

Токмоктук

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Телефон коду

+996-3138

Почта индекси

722200

http://tokmok.org/

ТокмокЧүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, Чүй дарыясынын сол өйүзүндө жайгашкан шаар. 19-кылымдын башында Чүй өрөөнүн Кокон хандыгы басып алып, 1825-жылы Токмок чебин курган. 1866-жылы Токмок шаар статусун алган. 1867–78-жылы Токмок уездинин борбору болуп турган. 1878-жылы уезддин борборунун Пишпек шаарына көчүрүлүшүнө байланыштуу Токмок болуштун борбору болуп калган. 2002-жылдан Чүй облусунун борбору. Токмок шаары азыр Кыргызстандагы Бишкек менен Оштон кийинки өнөр жайы өнүккөн үчүнчү чоң шаар. 2005-жылынын каттоосу боюнча, 75'000 эли бар.[1].

Токмок шаарынан түштүк-батышыраакта Бурана шаар чалдыбары жайгашкан. Ал орто кылымдардагы өтө маанилүү шаарлардын бири - Баласагын шаарынын калдыгы болуп эсептелет. Баласагын шаары Караханийлер (Каракагандар) мамлекетинин түндүктөгү борбору болгон. Бул шаар Улуу жибек жолунун таманында жайгашкан.

Токмок шаарынын аталышы мүмкүн токмок деген аспаптын атынан же байыркы түрктөрдүн «төкмөк»(төгүү, куюу) деген сөзүнөн пайда болгон. Себеби шаар Чүй дарыясынын жээгинде жайгашкан.

Дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусульмандар бар. Орус православия христиандар бар, алардын Георгий Победоносец чиркөсү бар. Протестанттык христиандар бар, алардын "Дом Божий", "Храм Божий" жыйындары бар. "Ак бата" христиандык орто мектеби бар.

Маалымат каяктан алган[түзөтүү | булагын түзөтүү]