Токсикодермия

Википедия дан

Токсикодермия — теринин катуу кармоочу оорусу.

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көпчүлүк учурда ар кандай химиялык заттардан, дары-дармектерден (антибиотик, сульфаниламид препараттары, йод, бром жана башкалар), бузулган тамак-аштан (балык, жумуртка, быштак, экстракт заттар жана алкоголь ичимдиктер) пайда болушу мүмкүн. Токсикодермияда териде кызыл тактар жана ыйлаакчалар чыгып, алар көбөйүп, эрозия жана жара пайда болот. Кээ бир учурда зат алмашуунун бузулушунан же бир эле дары заттар ар бир кишиде ар кандай формадагы токсикодермияны пайда кылышы ыктымал. Дары-дармектен болгон учурда кызгылт-бозомтук темгилдер дененин бир жеринде эле пайда болуп, бир нече убакыттан (бир нече күндөн) кийин жоголуп, алардын ордунда кызгылт-күрөң так калат. Ал көбүнчө колдо, эринде, ооздун былжыр челинде жана жыныс органдарында кездешет. Бул учурда дүүлүгүү күчөп, уйку качат, дене ысыйт, жалпы абал начарлайт, жүрөктүн тушу жана муун ооруйт. Тери кычышат, ысып чыгат. Оору анчалык узакка созулбайт. Кээ бир учурда жүрөк-кан тамырдын жана ички органдардын ишинин бузулушуна алып келет.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоодо ар кандай дары-дармектерди кабыл алууну токтотуу жана ууландыруучу заттарды четтетүү керек. Врачтын көзөмөлүндө заара айдама жана ич алдырма каражаттар, суюктук көп берилет, гистаминге каршы каражаттар жана башкалар сунуш кылынат, ошондой эле сыртынан сүйкөө үчүн ар кандай дарылар пайдаланылат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8