Токтакунов, Акбар

Википедия дан

Токтакунов, Акбар (1929–1993) - акын.

Акбар Токтакунов Кемин районундагы Чым-Коргон айылында 1929-жылы туулган.
Эмгек жолун 1945-жылдан колхоздун башкармалыгында катчы болуп иштөөдөн баштаган.
1947-жылдан «Ленинчил жаш» гезитинин кабарчысы,
1948-жылдан «Кыргызстан пионери» гезитинде котормочу,
1950-жылдан «Жаш Ленинчи» журналында бөлүм башчы,
1952-жылдан «Советтик Кыр-гызстан» журналында жооптуу катчы,
1955-жылдан «Чалкан» сатиралык журналында жооптуу катчы,
1959–1961-жж. башкы редактор болуп иштеген.
1961–1963-жж. Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабий курста окуган.
1963-жылдан «Мектеп» басмасында бөлүм башчы,
1965-жылдан Кыргыз Академиялык драмтеатрында адабият бөлүмүнүн башчысы,
1967–1969-жж. жана 1971–1973-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкар-малыгында адабий кеңешчи, «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы, «Кыргызстан» басмасында редактор болгон.

Биринчи ырлар жыйнагы «Алгачкы кадам» деген ат менен 1953-жылы чыккан.
К.Чуковскийдин, Д.Бедныйдын, С.Михалковдун, Г.Медынскийдин, С.Баруздиндин ж.б. чыгармаларын ошондой эле коллективдүү которулуп басылган поэтикалык жыйнактардын авторлорунун бири.
1952-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
«Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Алгачкы кадам: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 88 б.

Кыз жүрөгү: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 80 б.

Тилектештер: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас 1958. – 44 б.

Кайран энем: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 126 б.

Эненин кубанычы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 40 б.

Табылган күү: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 112 б.

Чагылган: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 102 б.

Чебер колдор: Поэма жана ырлар. – Ф.: Мектеп, 1965. – 60 б.

Капсалаң байкем каарман: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп 1967. – 92 б.

Жайлоо дастаны: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 118 б.

Канаттуу бала: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1969. – 82 б.

Торгой көкөлөп сайрайт: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 102 б.

Жигит бедели: Аңгемелер жана повесть. – Ф.: Мектеп, 1972. – 160 б.

Өмүр жолу: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 72 б.

Ай жаркын: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 100 б.

Үйдүн куту: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 96 б.

Сонун бала: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1982. – 64 б.

Ак кептерлүү асманым: Ырлар, сатира поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 120 б.

Кечиккен доомат: Аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1991. – 95 б.

Орус тилинде

Стихи и поэмы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 111 с.

КОТОРМОЛОРУ

Леонидзе Г. Стихи и поэмы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1953. – 88 б.

Грибачев Н. М. Поэма и стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1956. – 87 б.

Вьетнамские сказки, стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 67 б.

Михалков С. Дядя Степа – милиционер. – Ф.: Киргизгосиздат, 1960. – 20 б.

Медынский Г.Честь. – Ф.: Кыргызстан, 1962. – 560 б.

Медынский Г. Честь: Повесть. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1963. – 538 б.

Баруздин С. Сказка о трамвае. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1961. – 15 б.

Чуковский К. Серебряный герб: Повести. – Ф.: Мектеп, 1964. – 203 б.

Бедный Д. Мастерство: Стихи, басни. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 124 б.

Бедный Д. Мастерство: Стихи, басни. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 88 б.