Токтобаев, Шамей

Википедия дан

Токтобаев, Шамей (1880–1981) - акын.

Шамей Токтобаев Күн-Чыгыш айылында 1880-жылы туулган. Окуп, жазганды өз алдынча үйрөнгөн жана 1915-жылы жарым жыл жаңы ыкма мектебинде билим алган.
1916–1920-жж. жергиликтүү бай-манаптарга жалданып,
1920–1931-жж. айылдык башталгыч мектепте мугалим болуп иштеген.
1929-жылы КПССтин катарына кирип, алгачкы партиялык уюмду жетектеп, колхоздун башкармасы болуп иштеп, колхоздо устачылык кылган. Акындын революцияга чейин «Жетимдин жалбаруусу» (1900), «Зар» (1910) «Байкуш башым» (1913), «Актарма» (1915), «Булбул» (1914) жана «Текесчи» (1915) ж.б. чыгармалары революциядан кийин «Бизге жарык заман келди» (1919) жана «Кедей -дыйкандарга» (1921) сыяктуу ырларын жазган.
Акын 1957-жылга чейин ырларын эч кимге көрсөткөн эмес, көптөгөн ырлары жоголуп кеткен. 1957-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзуна өзүнүн 4000 саптан турган ырларын өткөрүп, ошол жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.
1957-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1961-жылы «Ырлар» деген биринчи поэтикалык жыйнагы чыккан.
1980-жылы республиканын адабий коомчулугу Ш.Токтобаевдин 100-жылдыгын белгилеген.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 61 б.

Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 114 б.

Кербезим: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 114 б.

Too ыры: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 78 б.