Томсен, Вильгельм Людвиг

Wikipedia дан
Вильгельм Людвиг Томсен.


Томсен Вильгельм Людвиг (1842–1927-ж.ж) – даниялык тилчи.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо]

Даниялык атактуу түрколог окумуштуу Вильгельм Людвиг Томсен (даниялыкча ысымы - Vilhelm Ludwig Peter Thomsen) 1842-жылы 25-январда Копенгаген шаарында туулган.

Копенгаген университетинин профессору Дания Королдук илимдер коомунун президенти.

Анын илимий эмгектеринде финн-угор ж-а түрк тилдери, финн, герман жана балтика тилдеринин карым-катнашы изилденген.
Томсен Орхон – Енисей жазууларын окуп (1893), анын байыркы түрк жазуусу экендигин аныктаган.

1927-жылы 12-майда Копенгаген шаарында каза болгон.

Эстутум[оңдоо]

Вильгельм Людвиг Томсендин ысымы Түркиянын ордо шаары Анкарадагы ири көчөлөрдүн бирине ыйгарылган.

Томсендин элеси Копенгаген шаарынын чордонундагы устун эстеликте башка да үч ири даниялык тилчинин (Rasmus Rask, N.L. Westergaard, Karl Verner) бейнелери менен чогуу чагылдырылган.


Эмгектеринин кыскача тизмеси[оңдоо]

  • «Der Ursprung der russischen Staates», 1879, перевод: «Начало русского государства» (1891 г.)
  • Дешифровка орхонских и енисейских надписей. — Записки Восточного отделения Императорского русского археологического общества, т. VIII, 1894.
  • Inscriptions de l’Orkhon, 1896.
  • История языковедения до конца XIX века. М., 1938.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003
  • Кыргыздар. Он томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Учкун, 2004. - Т. 1-10. - ISBN 9967-413-89-1.
  • Brøndal, Viggo. 1927. "L'œuvre de Vilhelm Thomsen." Acta philologica scandinavica 2:289-318. København.
  • Wickman, Bo. 1988. "The history of Uralic linguistics." In The Uralic Languages: Description, History and Foreign Influences, edited by Denis Sinor. Leiden: Brill.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]