Тонзиллит

Wikipedia дан
Лакунардык ангина

Тонзиллит (күнүмүдүк жашоодо ангина, латын тилинен ango — «кысуу, жанды кысууу») — бадам сымал бездин сезгениши.

Түрлөрү[оңдоо]

Тонзиллиттин катуу кармаган (Ангина) жана өнөкөт түрү бар. Ангинанын көп кайталанышы, мурун бүтүп, мурун менен дем алуу бузулганда, кеңилжээрдин өнөкөт сезгениши, тиш оорулары (Тиштин чириши) өнөкөт тонзиллитке алып келет. Сезгенүү негизинен бадам сымал бездин (тамак безинин) лакуналарын жабыркатат. Оорулуу шилекейин жута албай, кээде ооруганын сезет, тамагында бир нерсе тургандай болот. Денеси бир аз ысып (37,1—37,5°), көпкө кармалат, кээде жумалап, ал тургай айлап созулат. Мындай учурда адамдын алы кетип, шалдырайт, тамакка табити тартпайт, муундары, башы ооруйт. Тонзиллитти врач дарылайт. Бадам сымал безинин лакуналарындагы ириңди дезинфекциялоочу эритме менен тазалап, йод-глицерин эритмесин сыйпайт. Физиотерапия процедуралары сунуш кылынат.
Өнөкөт тонзиллит мезгил-мезгили менен кабылдап турат. Мындай кабылдоо жүрөк жана бөйрөктүн функциясын бузат, муунду оорутат.

Алдын алуу[оңдоо]

Аны алдын алуу үчүн бадам сымал безин операция жасап алып салуу керек.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8