Топуракты санитариялык коргоо

Википедия дан

Топуракты санитариялык коргоотопурактын булгануусун алдын алуу максатында жүргүзүлүүчү укуктук, уюштуруу, санитария-гигиеналык жана санитария-техникалык чаралар системасы.
Таштанды, кык, ыплас суулар туура эмес зыянсыздандырылса (Ассенизация, Таштандыларды зыянсыздандыруу), алар чирип, суу менен камсыз кылуучу булактарга түшүп, ичеги-карын ооруларынын, гельминтоздордун козгогучтарына, оору таратуучу курткумурскалардын өсүп-оөрчүшүно шарт түзүлүшү мүмкүн. Минералдык жер семирткичтерди, пестициддерди (Айыл чарба уу химикаттары) туура эмес пайдалануу жана сактоо да топуракка чоң коркунуч туудурат. Топуракты коргоо айлана-чөйрөнү санитариялык коргоо, суу менен камсыз кылуу, канализация жана калк отурукташкан жерлерди тазалоону жакшыртуу боюнча комплекстүү пландардын ажырагыс бөлүгү. Айрыкча курорттор, ичүүчү суу менен камсыз кылуучу булактар, калк массалык эс алуучу жайлар, балдар мекемелери, санаторий жана башкалар дарылоо мекемелери жайгашкан аймакта түзүлгөн санитариялык коргоо зоналарында топуракты коргоого катуу талап коюлат. Топурактын булгануу деңгээлин санитария-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери химиялык, бактериологиялык жана гельминтологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында аныктайт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8