Тохарлар

Википедия дан

Тохарлар - биздин заманга чейин 2-кылым–1-миң жылдында Орто Азияда, Бактрияда жашаган эл. Бул аймак алардын атынан Тохарстан деп аталган. Тохар грек, араб жазма булактарында тохар, инди даректеринде тукхара, кытай жылнамааларында – ту-ху-ло, тибет жазмаларында – тхогар деп аталат. Тохардын теги инди-европалык элдер менен байланыштуу. Тохарлар чыгыш иран тилинде сүйлөшкөн. Грек алфавитине негизделген жазуусу болгон. Орто Азияга биздин замнга чейин 140-ж. келишип, айрым чыгыш иран уруулары менен бирдикте биздин замнга чейин 130-ж. Грек-Бактрия падышалыгын кыйратышкан. Биздин замнга чейин 128-ж. Парфияга басып киришкен. Бактрияда биздин заманга чейин 2–1-кылымда Тохардын беш уруусу жашаган. Болжолу биздин заманга чейин 1-кылымдын аягы – биздин замандын 1-кылымдын башында жогорку уруулардын бири кушандардын жол башчылыгы астында Кушан падышалыгын түзүшкөн. Ушул мезгилден Тохарды кушандар деп аташат. Айрым окумуштуулар Тохарды Орто Азиянын түндүк-чыгышынан Бактрияга келишкен жергиликтүү калк деп да божомолдошот. Себеби, алар Орто Азияга келгенден кийин иран тилине өтүшкөн. Дагы бир ой-пикир б-ча Тохар ж-а юэчжилер массагеттердин бир бутагы болгон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.