Трихофития

Википедия дан

Трихофития (темирөткү) — теринин мите козу карындар пайда кылуучу жугуштуу оорусу.

Козгогучтар тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оору козгогучтары терини, чачты жана тырмакты жабыркатат. Трихофития оорусунун оору козгогуч мителеринин бир нече түрү бар (Микроскоптук козу карындар). Анын кээ бирлери жалаң гана адамда жашап, теринин үстүңкү катмарынын трихофитиясын пайда кылат. Башкалары негизинен айбанаттарда (чычкан, келемиш, уй, жылкы, кой жана башкалар) кезигип, алардан адамга жугуп, теринин терең катмарларын ооруга чалдыктырат. Теринин үстүңкү бетин жабыркатуучу трихофития менен көбүнчө жаш балдар, ошондой эле чоң кишилер, айрыкча аялдар ооруйт. Аялдарда оору анча байкалбай, узак жылдарга чейин созулат. Алардан жаш балдарга жугушу мүмкүн.

Трихофитиянын теринин үстүңкү бетин жабыркатуучу түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Трихофитиянын теринин үстүңкү бетин жабыркатуучу түрү менен оорулууга дени таза киши жолукканда же оорулуу адам колдонгон шейшеп, жаздык кап, кийим, тарак, баш кийим жана башка буюмдарды колдонгондо жугат. Трихофитиянын теринин терең катмарын жабыркатуучу формасы оорулуу айбанаттардан түздөн-түз же алардан булганган буюмдар аркылуу адамга жугат. Трихофитиянын теринин үстүңкү бетин жабыркатуучу түрүндө теринин мите козу карын кирген жеринде 5—7 күндөн кийин кызарган, сезгенген так пайда болот. Анын четтери бирдей болуп, тез эле чоңоюп, түлөй баштайт. Ошондой эле майда каканакчалар жана карттар пайда болот. Эгерде баштын териси ооруга чалдыкса, жаранын чекеси тегиз болбойт, чач морт болуп, териден 1—2 мм жеринен сынып түшөт да, анын калган бөлүкчөлөрү тикчийип турат.

Тырмак трихофитиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тырмак трихофитиясы менен чоңдор, чанда балдар жабыркайт. Бул учурда тырмактын өңү өчүп, калыңданып, үбөлөнүп түшүп, киргилт көк түскө айланат.

Трихофитиянын теринин терең катмарын жабыркатуучу түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Трихофитиянын теринин терең катмарын жабыркатуучу түрүндө териде, чачтын арасында бир аз шишикче пайда болот. Алардын айланасы даана билинип, оорутат. Оорулуунун жалпы абалы начарлап, денеси ысыйт. Шишикчени басканда ириң чыгат. Оорунун бул түрү менен саанчылар, уйчулар, койчулар жана ветврачтар көп ооруйт.

Трихофитиянын турлөрү: 1. Баланын башындагы ириңдүү терең трихофития. 2. Баланын башындагы үстүңкү трихофития. 3. Тырмак трихофитиясы. 4. Аялдын чачынын арасындагы жана тырмагындагы трихофития.


Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Трихофитияны ооруканада дарылайт. Теринин трихофитиясында жараны күбүлтүп түшүрүүчү атайын май дарыларды колдонгондо тез айыгат. Баштын жана тырмактын трихофитиясын узак убакыт дарылоо талап кылынат. Теринин үстүңкү бетин жабыркатуучу трихофития менен ооруганды тезинен ооруканага жаткыруу керек. Мындай оорулуулар дайыма врачтын көзөмөлүндө болушат. Оорулуу адамдар колдонгон кийим, буюмдар дезинфекцияланып, оорулуунун үй-бүлөсү, окуган мектеби, балдар бакчаларындагы балдар врач-дерматологдун кароосунан өткөрүлөт. Трихофитияны алдын алууда чычкан, келемиш жана башкалар айбандарга каршы күрөш жүргүзүү, мал чарбасында иштеген адамдар атайын кийимдерди кийип, ал кийимдерди убагы менен кайнатып тазалап туруу керек. Ылаңдуу мал өзүнчө бөлүнүп, аларга ветврачтар көз салууга тийиш. Мал кармагандан кийин колду самындап жылуу суу менен жууп туруу зарыл. Ошондой эле кара Микоздор.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8