Тул

Википедия дан

Тул, тул кийүү, тулга отургузуу - өлгөн эркектин кебетесине окшотуп жасалган тулку.

Тул коюу көптөгөн элдерде (алардын ичинен кыргыздарда) кезиге турган байыркы салттардын бири. Бул фетишке ишенүүдөн келип чыккан жөрөлгө. Тул куурчак сыяктуу жасалып, ага өлгөн адамдын кийими, тебетейи кийгизилип, жылдык ашына чейин коюлган. Жесир калган аял жыл маалына (ашына) чейин өрүм чачын жазып, кара кийип, аза күтүп отурган. Ашын берген соң, тулкуну өрттөп, карасын чечкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4