Туляремия

Wikipedia дан
Туляремия

Туляремия — катуу кармама жугуштуу оору.

Себеби[оңдоо]

Табигый очоктуу ооруларга кирет. Туляремияны козгогуч бактериялар чөйрөнүн таасирине туруктуу келет. Аны менен негизинен кемирүүчүлөр (чычкандар, келемиш, ондатра, жапайы коён) жана үй жаныбарлары оорушат. Кишиге ооруган жаныбардын терисин сыйрыганда, чычкандардын заңы менен булганган сууну ичкенде, тамак-ашты жегенде же чаң аркылуу (мисалы, кырмандагы эгинди сапырганда, эски самандын, чөптүн үймөгүн бузганда) жугат. Кийинки жылдары бул оорунун трансмиссивдик жол менен, айрыкча кенелер аркылуу таралуусу белгилүү болду. Козгогучтар ооз, мурун, көз, тери аркылуу организмге кирип, лимфа жолдору менен колтук, чурай бездерине барып көбөйүшөт. Сезгенген бездер чоңоёт, андагы топтолгон бактериялар лимфа менен канга кошулуп бүт организмге таралат. Инкубация мезгили 3—7 күнгө созулат. Оору капысынан башталат. Дененин температурасы тез эле 38—З90 ка чейин көтөрүлөт.

Белгилери[оңдоо]

Оорулуу чыйрыгып, башы ооруйт, алы кетет, кээде кусуп, окшуйт, көздөрү кызарып, бети тамылжыйт. Күчөгөндө бүт дене салмактанып ооруйт, айрыкча балтыр булчуңдары чыдатпай сыздайт. Кээде сезгенген бездер жарылып, андан коюу ириң чыгат. Көпчүлүк учурда оору ангинага, тонзиллитке окшоп өтөт. Көз бездери сезгенсе, шишип, кызарып ачылбай калат (көбүнчө бир эле көз жабыркайт). Өпкө сезгенгенде көкүрөк ооруп, кургак жөтөл болуп, бронхитке окшошот. Ал кээде кабылдап пневмонияга айланат. Бул учурда температура көтөрүлүп, чыйрыгат, алы кетет, жөтөл күчөп, өпкөнүн сезгенүүсүнө окшогон башка белгилери байкалат.

Дарылоо[оңдоо]

Туляремияны врач дарылайт. Алдын алууда вакцина менен эмдөө, кемирүүчүлөрдү жок кылуу, суу, чөп-чар, тамак-ашты чычкандан коргоо, тазалыкты сактоо зарыл. Ошол оорунун табигый очоктору бар жерде жашаган адамдарга туляремияга каршы эмдөө жүргүзүлөт.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8 [[Категория:Оорулар]