Туракжайды жалдоочудан жалдоо келишими

Википедия дан

Туракжайды жалдоочудан жалдоо келишими – туракжайды жалдоо келишимине кошумча келишим боюнча, жалдоочу жалдоого берүүчүнүн макулдугу менен белгилүү мөөнөткө өзү ээлеп турган жайдын бир бөлүгүн же баарын жалдоочудан жалдоого алуучуга пайдаланууга берет. Акыркысы өзалдынча пайдалануу укугуна ээ болбойт. Келишим боюнча жалдоого берүүчүнүн алдында туракжайды жалдоочу жооптуу бойдон кала берет. Т. ж. ж. к. мүлк жалдоо келишиминин мөөнөтүнөн ашык мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн эмес, жана ага карата мүлк жалдоо келишими жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]