Туратбеков, Досалы

Википедия дан

Туратбеков Досалы (1903-ж., Каракол уезди, Сабатар айылы, азыркы Ак-Суу району, Боз-Булуң айылы) — мамлекеттик жана партиялык ишмер.

1929-жылдан КПСС мүчөсү. Орто Азия коммунисттик университетинин 2 курсун, Орто Азия пахта институтунун 1 курсун, КПСС БКнын алдындагы жетектөөчү кадрларды кайра даярдоочу курсту бүткөн.
Эмгек жолун жер комитетинде иштеп баштаган. 1933—39-ж. Ат-Башы, Киров (Кара-Буура району), Ысык-Көл райондук партия комитеттеринин 1-катчысы.
1939-жылдан Кыргызстан КП(б) БКнын айыл чарба бөлүмүнүн башчысына орун басар, Ысык-Көл облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин» төрагасы, 1942—44-ж. Республиканын жер боюнча эл комиссары.
1944—50-ж. Фрунзе облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы.
1950—59- ж. Республиканын совхоздор боюнча министри, айыл чарба министринин орун басары.
1960— 64-ж. Москвада иштеген (Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн «Кыргыз ССРи» повильонунун директору). 1964-жылдан пенсияда.
Эки Эмгек Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.