Турен Ален

Википедия дан
Ален Турен

Турен Ален (Францияда 3-августта 1925-ж. төрөлгөн,) – француз социологу, депутат, Нантер университетинин профессору. Социалдык кыймылдын изилдөө борборунун жетектөөчүсү. Ал капитализмдин саясий институттары менен социализмдин ортосундагы айырмага, сапаттарга каршы чыккан. Өзү врачтын уулу,тарых жана философияны окуган университет Эколь Нормальды бүтүргөн. 1952-жылы окуусун Америкада улантып ,Т.Парсонстун "Социологиянын функционалдык түзүлүшү" деген китеби менен таанышат. Турендин негизги кызыкчылыктары 60-70-жылдардагы социологиялык кыймылдары,согушка каршы күрөш, жаштар, аялзат, өлкө, 3-дүйнө ж.б.

Американын көркөм билим академиясынын ардактуу мүчөсү, Польшанын илимдер академиясынын мүчөсү, Франциянын чет элдик университетинин ардактуу доктору ж.б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004